Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков COVID-19 жана пневмония илдетинен айыкты. Бул туурасында ырчы мырза менен байланышканыбызда белгилүү болду. Экинчи жолу илдеттен жабыркаганын айткан ырчы буларга токтолду.
"Былтыр дагы коронавирус инфекциясы менен жабыркап, оор формада өткөн. Анда өзүм ооруп жатам деп жатып алгам. Анан дагы телефон чукулап, интернеттен коронавирус тууралуу жаңылыктарды окуп, режим сактаган эмесмин. Ошентип ооруну күчөтүп алгам. Бул жолкусунда психологиялык жактан даяр болуп, дароо эле режим сактоого өттүм. Убагында уктап, көп кыймылдап, туура тамактанып жаттым", - дейт ал.
Вакцина алгандар деле, антителасы барлар деле ооруйт экен деген Мирбек Атабеков бул жолкусунда илдет жеңил өткөнүн айтты.
"Буга чейин вакцина алам деп жүргөм. Менде антитела бар болгондуктан, дарыгерлер вакцина албай турууну сунушташкан. Антитела жок болгондон кийин алам деп жатканда, жакын таанышым эмдөөдөн кийин катуу ооруп калды. Ошондо азырынча эмдөө албай турайын деп койгом. Көп өтпөй эле ооруп калдым, бул жолу бир эле күн дене табым көтөрүлүп, эртеси жок болуп кетти. Антитела болгону, режимди туура сактаганым үчүнбү бул ирет илдет жеңил өттү. Эң негизгиси өзүн көзөмөлгө алып, режим сактаса ооруну оңой жеңүүгө болот", - деди ал.
Мирбек Атабеков коронавирус күч алып турган кезде той-топурларды, массалык иш-чараларды токтото турууну, өзү дагы иш-чараларга убактылуу барбай турганын кошумчалады.
Эске салсак, ырчы 2020-жылы июль айында коронавирус инфекциясына кабылган.