«Газпром Кыргызстан» жана«Дос-Кредобанк» меморандумга кол коюу менен өндүрүштү газдаштырууда чакан, орто бизнес ишканаларын колдоо үчүн бизнес-продуктуларды иштеп чыгуу боюнча ниеттерин бекемдешти.
Меморандум компаниялар арасындагы кызматташтыктын жаңы багытын ачат. 2021-жылдын 1-июлунан тартып компаниялар тарабынан калк жана ишкерлер үчүн пайызсыз бөлүп төлөө акциясы башталат. Анын алкагында газдаштыруу боюнча кызматтар топтомун алса болот: газ өткөргүчтөрдү монтаждоо, газ менен камсыздоо тармагына кошулуу үчүн материалдарды жана жабдууларды алуу.
Ушул кызматтардын баарына 18 айлык мөөнөт менен 250 000 сомго чейин 0 пайызсыз бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилет.
Аталган компаниялардын өкүлдөрү маалымдагандай, пайдалуу финансылык аспапты иштеп чыгуу менен калктын жана бизнестин көмүрдөн экологиялык жактан таза жаратылыш газына өтүүсүнө чоң түрткү бермекчи.