Бүгүн Казакстанда өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда жарым финалдык беттештер өтөт

Бүгүн, 25-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда бардык салмак даражаларда жарым финалдык беттештер өтөт. Кыргызстандан мелдешке барган 9 боксчу бардыгы мелдештен четтеген. Айта кетсек, мелдешке Кыргызстандан Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Азат Үсөналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Эркинбек Болотбек уулу (69 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг), Александр Панарин (81 кг) жана Сергей Паренко (91 кг) катышты. Алардан Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков жана Эрмек Сакеновдор мелдеш кожоюну казак мушкерлерине жеңилген. Учурда мелдештеги жолун биздин боксчу Өмүрбек Малабековду жеңген Кайрат Эралиев менен Эрмек Сакеновду жеңген Мерей Акшалов улантууда. Ал эми калыстардын талаш чечими менен 1/8 финалда Азат Үсөналиевди жеңген Ильяс Сулейманов чейрек финалдан өтө алган эмес. Мелдеште Казакстан курама командасынын 8 өкүлү жарым финалга өтүп, жеңишке башкы талапкер катары мелдеш кожоюндары каралууда.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан