Кыргызстандык спортчулар Америкада өткөн грэпплинг боюнча мелдеште 11 медаль жеңди

Кыргызстандык спортчулар Американын Флорида штатынын Бока-Ратон шаарында өткөн грэпплинг боюнча мелдеште 11 медаль жеңди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Анда кимоносу жок күрөштө Эгемберди Кубанычбек уулу, Темирбек Таласбек уулу, Хайрулла Кокиев жана Бакытбек Бекбоев алтын медаль тагынса, Бексултан Өмүрзаков күмүш, Актилек Жумабек уулу, Нурбек Качкынов жана Бексултан Өмүрзаков коло медаль тагынды. Ал эми кимоно менен күрөшүүдө Темирбек Таласбек уулу менен Хайрулла Кокиев күмүш, Нурбек Качкынов коло медаль тагынган. 

Грэпплинг – бул ичине күрөштүн бардык ыкмаларын камтыган спорттун түрү. Анда спортчу атаандашка сокку узатпастан, муунтуу, кол кайруу жана башка ыкмаларды колдонуп жеңишке жетсе болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
future_kg
2013-10-25 14:21:48
Азаматтар!
0
Kymyzkyz
2013-10-25 14:48:09
Азаматсынар жигиттер!
0
Davlet1994
2013-10-25 15:41:31
Баракелде жигиттер, Кыргызстандын атын чыгарып журо бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан