Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда чала тааныш адам арыз ээсинин ишенимине кирип, пайдалуу келишим түзөбүз деген шылтоо менен 12 миң долларын ээлеп алып из жашырып жүргөнүн жазган. Такталгандай, шектүү өзүн унаалар менен алектенген ишкер катары тааныштырып Тойота-Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унааны сатып алууну көздөп жатканын, бирок акча каражаты жетпей жатканын айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш ишине шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалып, тергөө органдарына жеткирилген. Шектүү жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандын башка алдамчылык фактыларына тиешеси бардыгы текшерилүүдө", - деп билдиришти аталган министрликтен.