Бишкекте «Asia Home» коммерциялык эмес фондунун кеңсеси ачылды, фонд кыргызстандыктарга үйдү же автоунааны 10 жылга чейинки мөөнөткө алууга, акчасын пайызсыз жана комиссиясыз бөлүп төлөөгө жардамдашат.
«Asia Home» фондунун башкы миссиясы – Кыргызстандын ар бир жаранына кыймылсыз мүлк же автоунааны бүгүн сатып алууга шарт түзүү.
Эгерде сиздерге керектүү мүлктүн наркынын 20 же 40 пайызы колуңуздарда болсо, анда «Asia Home» фондунун 20 кесипкөй адистен турган командасы - юристтер, баалоочулар, консультанттар анын ээси болууга жардам берет.
"Чоң пайыз төлөштүн кереги жок, бул пайдалуу жана ишенимдүү альтернативдик ипотека. Бардык бүтүмдөр айкын таризделет, Турак жай кодексине жана мыйзамдардын ченемдерине ылайык, келишимдер менен бекемделет", - деп «Asia Home» фондунун өкүлдөрү билдиришти.
Биринчи салымдан жер тилкенин, үйдүн, автоунаанын ээси болгонго чейинки жол болгону 5 кадамдан турат:
1) Сиз «Asia Home» фондунун кеңсесине документтер менен келесиз;
2) Адистер сиз менен сиздин каалооңузга ылайык объектини тандайт;
3) Сиз келишимге кол коёсуз жана фондго нарктын 20-40% которосуз;
4) Фонд калган сумманы төлөйт, ошол учурда сиз үйүңүзгө көчүп барасыз же автоунааңызды айдаганы отурасыз;
5) 120 ай аралыгында калган сумманы бирдей үлүш менен пайызы жана комиссиясы жок төлөп кутуласыз.
«Asia Home» кеңсесине төмөнкү номерлер менен бүгүн эле кайрыла аласыз: 0223 33 34 44, 0553 33 00 33 (WhatsApp).
Дареги: Жукеев-Пудовкин көчөсү 44/1.
Расмий Инстаграм баракча : www.instagram.com/fond_asia_home