26-октябрь күнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун 10-турунда эң бүйүр кызыткан “Эль-Классико” деп аталган беттеште “Барселона” мадриддик “Реалды” үйүндө кабыл алат. Эки клубдун беттеши бир гана Испанияда эмес, дүйнө жүзүндөгү футбол күйөрмандарынын көңүл чордонунда болот. Буга чейин эки клубдун тиреши планетанын мыкты оюнчулары Месси менен Роналдунун тиреши менен коштолсо, бул ирет эки алптын тирешине жайкы трансферде “Реал” рекорддук баага сатып алган Гарет Бэйл менен “Барселонанын” курамын толуктаган бразилиялык талант Неймардын кимиси мыкты экени иш жүзүндө көрүнөт. Ошондой эле буларга кошумча эки клубдун машыктыруучулары тең алгачкы ирет “Эль-Классико” өткөрөт. Эки клуб буга чейин бардык клубдук мелдештер алкагында 225 ирет кез келип, анын 90ну “Реалдын”, 87си “Барселонанын” жеңиши менен аяктаса, 48 беттеш тең чыгуу менен аяктаган.