Бүгүн, 25-октябрь күнү Санкт-Петербургда өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтүп жатат. Учурда кыргызстандык балбан Нурбек Акановдун (90 килограммдан өйдө) катышуусундагы кармаш жыйынтыкталды. Анда Нурбек Аканов орусиялык Дмитрий Смоляков менен кез келип, 5:0 эсебинде жеңишке жетти. Эми кийинки беттешин беларусь балбаны Андрей Войтикке каршы өткөрөт.