Санариптик технологиялар доорундагы журналист кесиби: АЭУдагы программанын өзгөчөлүктөрү

Жакында эле мектептеги окуусун аяктап, татаал тандоого туш болгон 1-курстун студенттери АЭУдагы ("Ала-Тоо" эл аралык университети) Журналистика программасы тууралуу өз ойлору менен бөлүштү. Ар биринин өз таржымалы бар. Студенттер эмне себептен аталган программага тапшыргандыгы жана алардын үмүттөрү акталдыбы – ошол тууралуу баяндашат.

Акылай Озбекова: Кесибим өзүмө жагат, менин максатым – өз ишимдин кесипкөй адиси болуп, сөз эркиндиги, акыйкаттык үчүн күрөшүп, элдин ишеничин актоо. Журналисттер тууралуу терс пикирде болгон адамдар «журналисттер атактуу адамдардын жашоосу менен гана кызыгат» деген сыяктуу пикирлери мени абдан кайгыртат. Бул кесип тууралуу пикирди жана анын коомчулуктагы маанисин өзгөрткүм келет.

- Мээрим Оспанбаева: Менин тандоом өзүнөн-өзү эле келип чыкты. Адатта адамдар өздөрүнүн шык-жөндөмдөрүнө жараша кесип тандаса, мен тескерисинче кылдым. Мен баарлашуу көндүмдөрүмдү өркүндөтүү керектигимди түшүндүм. Бул абдан татаал, бир күндө эле мындай көндүмдөрдү өздөштүрө албайсың. Бул программа тууралуу билгенде, ага тапшырсам убактымды текке кетирберимди түшүндүм. Журналистика программасынын эң чоң артыкчылыгы – бул англис, түрк, немис жана башка тилдерди үйрөнүү мүмкүнчүлүгү. Бул кесип көп кырдуу жана өтө кызыктуу. Кандай болсо да, мен үчүн бул убакыт жашоомдогу эң унутулгус мезгил болот деп ойлойм.

- Сирожидин Пириев: Бул кесипти анын уникалдуулугу үчүн тандап алдым татыктуу адамдарды коргоо жана көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Мындайча караганда, ар бир кесип мааниге ээ: дарыгерлер бизди дарылашат, милиция коргойт, мугалимдер билим беришет, инженерлер жана куруучулар жаңы объектилерди курушат. Бирок дал журналисттер алар жөнүндө баяндап, аларды көрсөтүшөт. Чыныгы журналистика – бул башка кесиптердин катарында эле кадыр-барктуу кесип. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө буйрутма публикациялардан гана акча жасаган псевдо-журналисттер абдан көп.

- Акинай Мусурманкулова: Менин кызыгууларым абдан тез өзгөрүп, кесипти тандоо жолум абдан эле татаал болду. Маалыматтык технологиялардын өнүгүшү жана коомчулуктагы өзгөрүүлөр менин тандоомо түрткү болду. Тасмага тартуу, монтаж процесстери, жаңы жана креативдүү нерсени жаратуу мени өзүнө абдан тартат. Өзүмдү журналистика тармагында сынап көрүү кызыктуу болор деп чечтим. Биздин убакта медиа адистиктери суроо-талапка ээ болуп, кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Себеби ар бир компанияга PR-адистер, жарнама жана маркетинг адистери керек. Бул программага тапшырганыма абдан кубанычтамын, туура тандоо жасадым деп ишенем. Өзүмдүн өнүгүүмдү мындан ары да уланта берем, бул үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

- Дарья Хан: Журналист кесиби менен жакында эле өз кесибимди тандоо учуру келгенде кызыга баштадым. Менин оюмча, журналистика – көп кырдуу кесип, анын ар кыл тармагынан өз ордуңду тапсаң болот. Көпкө чейин тандоо жасадым, бирок жайында гана ЖРТдан кийин кайда жана кайсы кесипке окурумду чечтим. АЭУдан консультация алгандан кийин гана ушул программадагы окуу аркылуу өз максаттарымды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү мени кызыктыра баштады. Фотосүрөт тармагы мени көп убактан бери кызыктырат. Кесипти тандоомдо бул кызыгуум негизги ролду ойноду. Ошондой эле журналисттик тексттерди жазуу, окуянын болгон жеринен репортаж алуу да мени абдан кызыктырат. Журналистика – абдан кеңири жана бай тармак. Өзүңдү ар кандай тармактарда сынап, сага туура келгенин тандаса болот.

Аймарал Чомокова: Мектептен эле ар кандай конференцияларга катышып, оратордук чеберчилик менен алектенип, кайрымдуулук уюмдарында волонтёр болуп иштеп, чыгармачылыкта да өзүмдү сынап көрдүм. Ири долбоор жана иш-чараларга катышууну улантып, чыгармачылык ишмердүүлүк тууралуу да унуткан жокмун. Мектептеги окуумду аяктагандан кийин мындан ары өнүгүүнү жана коомго пайда алып келүүнү кааларымды түшүндүм. Ошондуктан менин кесибим менин көптөгөн кызыгууларымды камтуусу керек деп чечтим. Бир топко ойлонуп, журналистикага тапшырууну чечтим. Журналистикада жазуучулук ишмердүүлүктөн тартып режиссурага чейинки бардык кызыгууларымды ишке ашырсам болору айкын болду. Программанын биринчи курсун аяктагандан кийин көп нерсени билдим, тандоом үчүн өкүнбөйм.

Карек Кадыралиева: Эмне себептен журналистиканы тандадым? Бул кесип абдан көп кырдуу. Журналистика бир гана салттуу түрдө болбостон, жарнама, SMM маркетинг, коомчулук менен байланыш, редактирлөө болушу мүмкүн, жана бул тизме менен дагы чектелбейт. Фото жана видеотасмага болгон кызыгуумду АЭУда кесипкөй деңгээлде өркүндөтсөм болот, себеби азыр мультимедиалык журналистика трендде болуп жатат. Бир топ ойлонуп, дал ушул факультетти жана программаны тандоону туура көрдүм. Менин кыялым – өзүмдүн жеке шоумдун алып баруучусу болуу, бул кыялым жакшы окууга жана кесибимдин негиздерин өздөштүрүүгө дем берет.

Айгерим Алимбекова: Менин кызыгууларым жана каалоолорум айкалыша келген кесипти табууну каалап жүргөн элем. Ошол себептен дүйнөнү көрүп, кызыктуу адамдар менен таанышуу, жаңы билим жана тажрыйбаларды алуу мүмкүнчүлүгү катары журналист кесибин тандап алдым. Журналисттин жашоо образы мени кызыктырат: жаңы маалыматтын агымында, окуянын чок ортосунда болуу, адамдар менен баарлашуу, сапарлар жана иш-чараларга катышуу. Жашоонун мындай темпинде зериккенге убакыт жок. Келечекте өзүмдү диктор катары, башкача айтканда өз үнүм менен акча тапкан, бирок заманбап форматта эмгектенген адис катары көрөм.

Жанар Эрнестова: Журналистиканы көп адамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн түрдө элестетишет – интервью алган адам же репортёр катары. Чындыгында бул тармак абдан ар түрдүү. Мисалы, сиз билим берүү тармагында, ЖМК, коомчулук менен байланыш тармактарында иш тапсаңыз болот – бул тармактардын бардыгы кызыктуу. Башка адамдарга караганда, журналисттер менен эң эле көп баарлашабыз, чыныгы жашоону көрсөтүшөт. Журналистиканын негизги принциптери – сөз эркиндиги, маалыматтын калыстыгы жана ишенимдүүлүгү. АЭУда мыкты базалык билим алып, суроо-талапка ээ адис болуу мүмкүнчүлүгү бар.

Биринчи курстун студенттери кесип тандоодогу өздөрүнүн тажрыйбасы тууралуу баяндап берүүгө аракет жасашты. Эми, урматтуу абитуриенттер, тандоо сизде. “Ала-Тоо” эл аралык университетинде күтөбүз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан