Дүйнөлүк уруш искусство оюндары: Бел боо күрөш боюнча мелдеште Нурбек Аканов финалга чыкты

Бүгүн, 25-октябрь күнү Санкт-Петербургда өтүп жаткан Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтүп жатат. Учурда кыргызстандык балбан Нурбек Акановдун (90 килограммдан өйдө) катышуусундагы экинчи кармаш жыйынтыкталды. Анда Нурбек Аканов беларусь балбаны Андрей Войтикти мөөнөтүнөн мурда 5:0 эсебинде жеңип, мелдештин финалына жолдомо алды. Айта кетсек, эреже боюнча 6 балбан үч-үчтөн эки тайпага бөлүнүп жеңүүчүнү аныкташты. Нурбек Аканов өз тайпасында эки беттештин экөөндө тең жеңип, финалга өттү. Финалда Нурбектин атаандашы болуп өз тайпасында эки беттешин тең жеңген украиналык Андрей Никитченко болмокчу. Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ankel
2013-10-25 18:31:19
Nurbek, azamatsyn!
0
mirasem
2013-10-25 18:47:10
Нурбек чемпион!!! Азамат!! Алга!!
0
Mushker2013
2013-10-25 18:54:55
Оо анын бою эки метр ашык,2008-жылы Кожомкул спорт сарайында да Нурбек палван аны менен финалга чыгып,эки бутун асманга чыгарып чапкан.Досум буйруса жениш сеники,ошондогу кайтарманы дагы бир кайталап кой
+1
ma4ak
2013-10-26 18:03:57
азаматсыз ийгилик. залда балдар жениш күтүп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан