Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев 21-27-октябрь аралыгында Казакстандын Чымкент шаарында өтүп жаткан байге фонду 10 миң доллар болгон мелдештин финалына өттү. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Бүгүн, 25-октябрь күнү өткөн жарым финалдык беттеште Данияр орусиялык Михаил Фуфягинди жеңип алды. Эми Данияр 26-октябрь күнү өтүүчү финалдык беттеште орусиялык Владислав Вовк аттуу теннисчи менен беттешет.