Бири ыр сынакка катышса, бири чет өлкөгө чыгып эс алат... Белгилүүлөрдүн жай мезгилине кандай пландары бар?

Жай мезгили келип, маанайыңыз күндөй жаркырап, ууртуңуздан жылмаюу кетпей жаткандыр. Бул убакта мектеп окуучулары эс алууга тараса, чоңдор болсо туристтик жерлерге барып эс алууну пландай баштады. А белгилүүлөр жай мезгилине кандай даярдыктарды көрүп жатышканын өздөрүнөн сурап көрдүк.

Ырчы Асел Касымова жай мезгилине көптөгөн пландары бар экенин, бирок баары өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экенин айтып берди.

"Бир нерсе кыла коём деп пландоо бир аз кооптуу болуп жатат. Коронавируска байланыштуу ар кандай чектөөлөр болуп калышы мүмкүн. Июлда сөзсүз түрдө үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө эс алууга барабыз. Бул каада-салтка айланып калган. Дагы башка жакка баралы деп пландап жатабыз. Бирок аны айтпай турайын. Антпесе карантин болуп, пландар ишке ашпай калып жүрбөсүн. Аны болуп жатканда айтсак жакшы болчудай. Ал эми дене даярдыгы боюнча бассейн, залга барам деп аябай чыгынам, бирок шартка байланыштуу дайыма эле биз айткандай боло бербейт экен", - дейт ырчы.

Ал эми актриса Назира Айтбекова жайында эс алгандан да көп ишке көңүл бурарын айтат.

"Жай мезгилине даярдыгы жок, түз эле кирип кеттик. Мисалы, мен көлгө барып, көл жээгинде жаткан киши эмесмин. Мен дайыма иштеп жүрүп, жайдын кантип өтүп кеткенин билбей калам. Айрым учурда көлгө деле барбай калам. Жайы бою съемкада жүргөн болом. Январь, февраль айларында съемка жок болуп, ошол учурда эс алабыз. Спорт залга жазылып койгом. Кээде барсам, кээде бара албай жакшы спортчу боло албай жатам", - дейт ал.

Театр жана кино актриса Альбина Имашова убакыт болсо, үй-бүлөсү менен сөзсүз Ысык-Көлгө барышарын кошумчалады.

"Жайында эс алгандан да, эмгектенүүгө көп басым жасайбыз. Көптөгөн долбоорлор менен иштешип жатабыз. Анын ортосунда убакыт боло калса Ысык-Көлгө барып эс алып келебиз. Азыркы учурда эң негизгиси ден соолук болсун. Анан калганы болот", - дейт таланттуу актриса.

Бек Исраилов буга чейин көлгө барганын айта кетти.

"Июль айында ыр сынагы болот. Студиядан чыкпай эле ырларды жазуу менен алекпиз. Ал эми жакынкы күндөрү машыгуу залына барып денеге кам көрө баштайбыз. Сезондун ачылышы менен көлгө барып келдик, дагы барабыз, буюрса", - деди ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан