2021-жылдын 1-июлунан тарта бизнестин онлайн-кассага ѳтүүсү: "О!Касса" жардамга келет

2021-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстан ККМ колдонуунун жаӊы стандарттарына ѳтѳт. Мыйзам уюмдар менен ишкерлерди эсептешүүлѳрдү жүргүзүүдѳ жаӊы техникалык талаптарга жооп берген, кассадан фискалдык маалыматтарды онлайн режимде салык кызматына ѳткѳрүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ контролдук-кассалык техниканы колдонууга милдеттендирет. Бул максатта кассанын колдонуучусу менен салык кызматынын ортосунда ортомчунун фискалдык маалымат операторунун (ФМО) болуусу талап кылынат.

«НУР Телеком» ЖЧКсы «О!Касса» инновациялык сервиси аркылуу мыйзамдардын эрежелерин жана талаптарын сактоо менен фискалдык маалыматтарды иштеп чыгуу, сактоо жана салык кызматына ѳткѳрүү боюнча кызмат кѳрсѳтѳт. Аталган тиркеме жѳн гана кадимки касса аппаратынын функцияларын аткарбастан бир топ кошумча артыкчылыктарга ээ. Мындан тышкары тиркемени бардык түзүлүштѳрдѳ: ноутбукта, планшетте же смартфондо колдонуу мүмкүн.

«НУР Телеком» ЖЧКсы менен ФМО кызматтарын кѳрсѳтүү боюнча келишимди азыр жол-жоболоштуруп, «О!Касса» тиркемесин 2021-жылдын 31-августуна чейин акысыз колдонуӊуз.

«О!Касса» онлайн-сервисинин артыкчылыктары:

  • Ачык-айкындык: сиз сатуулар, товарлар, нѳѳмѳттѳр жана кассирлер боюнча толук статистиканы кѳрүп турасыз.
  • Мобилдүүлүк: сиз дүйнѳнүн каалаган бурчунан смартфон аркылуу сатууларды башкаруу менен катар эле кызматкерлердин иштѳѳсүн, сатууларды, нѳѳмѳттүн ачылуу жана жабылуу убактыларын, кассадагы акчаларды, кайра кайтарууларды жана башка маалыматтарды кѳзѳмѳлдѳй аласыз.
  • Ыӊгайлуулук: электрондук чекти кардарга почта, каалаган мессенжер аркылуу жиберип, зарыл болгон учурда мобилдик принтерден басып чыгаруу мүмкүн.

ФМОнун негизги функциялары:

  • ККМ аркылуу жүргүзүлгѳн эсептешүүлѳр жѳнүндѳ маалыматты онлайн-иштеп чыгуу;
  • ККМ аркылуу алынган маалыматтарды МСКна тез тапшыруу;
  • Маалыматтардын сакталышын камсыздоо;
  • МСКна ишкерлер менен тейлѳѳ жѳнүндѳгү келишимдердин түзүлүшү же бузулушу тууралуу кабар берип туруу.

Сервисти «О!Касса» тиркемесин кѳчүрүп, каалаган O!Store дүкѳнүнѳн келишим түзгѳн соӊ колдоно баштаса болот. Керектүү документтердин тизмеси менен https://o.kg/kg/korporativnym-klientam/ofd/ofd/ сайтынан тааныша аласыз.

«О!Касса»тиркемесин https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.nurtelecom.pkkm шилтемеси аркылуу кѳчүрүп, орнотуп алуу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан