Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү: 9-класстын базасындагы колледжди кантип туура тандоо керек?

Орто кесиптик билим берүү системасы мезгил-мезгили менен терс кабыл алууга тушугуп келген. Институтка тапшыра албай калган мектеп бүтүрүүчүлөрүн гана лицейлерге окууга берип келишкен. Ошентсе да лицейлердеги окутуу талаптагыдай деңгээлде болуп келген, бирок Кыргызстандагы билим берүү системасына реформалар киргизилгенден кийин, лицейлерге жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, ал эми алардын колледждерге "айланышы" орто кесиптик билим берүү жаатындагы жаңы бурулуш болду.

Колледж – Батышта билим берүүнүн бирден бир маанилүү баскычы, андыктан ата-энелерде колледждер системасы мыкты билим сапатын берет деген пикир калыптанып калган, бул чынында эле ошондой.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү системасы каалаган профилди, каалаган программаны капчыгыңызга жараша бир нече колледжди сунуштай алат. Улуттук статистикалык комитеттин отчётуна ылайык, 2020-жылга карата Кыргызстанда 138 орто кесиптик билим берүүчү уюмдар иш алып барат. Ата-энелер үчүн кеңири тандоо сунушталган? Туурабы?

Эми кантип дал туура келген колледжди тандоо керек?

  • Балаңыз менен кесипке багыттоочу тесттен өтүңүз. Тогузунчу классты аяктагандар келечекте ким болорун жана илимий терминдер эмнени билдирерин так түшүнө бербестир. Кесипке багыттоочу тесттердин көптөгөн түрлөрү бар, болочок абитуриентке жардамга кийинки эң популярдуу портал жардамга: https://testometrika.com/business/test-to-determine-career/
  • Тесттин жыйынтыктары аныкталгандан кийин, өз балаңыз менен жагымдуу маанайда маек куруңуз. Ал келечекте өзүн кайсы тармакта элестете аларын баамдаңыз. Эмнеге кызыгат? Эмне менен алек болгусу келет? Ошентип сиздин негизги сурооңузга жооп табылганын дароо түшүнөсүз.
  • Эми колледжди табуу керек. Колледжди тандоодо ал сунуштаган окутуу программаларынын спектрине, академиялык курамына жана окуу жайы тууралуу пикирлерге, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө, эл аралык кызматташтыгына, колледждеги шарттарга жана балаңыздын социалдык өнүгүүсүнө зарыл болгон кошумча мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурууну сунуштайбыз.
  • Тандап алган окуу жайдын сайтына кириңиз. Тапшыруу шарттары, бюджеттик жана контракттык орундардын бар болуусу тууралуу маалыматты изилдеп, кошумча суроолор жаралса, балаңыз менен чогуу болочок окуу жайына барганыңыз да орундуу болот.

Бүгүнкү күнү дээрлик бардык респектабелдүү жогорку окуу жайларынын ар биринде өздөрүнүн орто кесиптик билим берүү бөлүмү, башкача айтканда колледжи бар. 2013-жылы “Ала-Тоо” эл аралык университети – Кыргызстандын алдыңкы билим берүү мекемесинин бири – 9-11-класстардын базасындагы өзүнүн колледжин ачты.

IT & Business College “Ала-Тоо” эл аралык университетинин эң мыкты сапаттарын алган:

- Окутуунун заманбап методикасы;

- Теория жана практиканын өз ара айкалышы;

- Суроо-талапка ээ окутуу программалары;

- Окутуу тилдеринин ар түрдүүлүгү;

- Инновациялар жана креативдүүлүк;

- Сапаттуу билим берүү;

- Колледжди аяктагандан кийинки перспективалар.

“Ала-Тоо” IT&Business College'инде окутуу англис тилинде жүргүзүлөт, бул өз кезегинде бүтүрүүчүлөрүбүздү эл аралык эмгек рыногунун деңгээлине чыгарат. Сапаттуу билим жана кесипкөй көндүмдөрдү алуу үчүн Колледж жогорку суроо-талапка ээ 5 программаны сунуштайт:

- Маркетинг;

- Экономика жана бухгалтердик эсеп;

- Компьютердик системалар жана комплекстер;

- Компьютердик-графикалык дизайн;

- Эсептөөчү техникалардын жана автоматташтырылган системалардын программалык жабдуусу.

Профессордук-окутуучулук курамга Кыргызстан, Улуу Британия, АКШ, Россия жана Түркиядан келген окутуучулар кирген. Мындай шарт студенттердин колледждеги мультимаданий чөйрөдө «өсүүсүнө» шарт түзөт.

Колледждин студенттерине алдыңкы көндүмдөргө ээ болуу үчүн эң заманбап техника менен жабдылган окуу корпусу жайгашкан университеттик “шаарча”, спорттук секциялар, илимий клубдар жана ийримдер, китепкана, комплекстүү тамактануу менен ашкана, кафетерийлер, кофейнялар жана лаундж зоналар сунушталган.

Абитуриенттер жана ата-энелерге төмөнкү шилтеме боюнча 360° форматында

онлайн-экскурсия жеткиликтүү: https://pteacher.github.io/360_aiu/

IT & Business Collegeге тапшыруу математика жана англис тили боюнча кирүү экзамендери аркылуу жүргүзүлөт. Колледждин http://www.college.alatoo.edu.kg/view/public/main/home.xhtml сайтынан экзамендердин жүгүртмөсүн билип, онлайн-каттоодон өтсөңүз болот.

IT & Business Collegeге тапшыруу боюнча кошумча суроолор менен абитуриенттер жана ата-энелер +996709505477 телефону боюнча же Бишкек шаары, Туңгуч кичи району, Анкара көчөсү, ⅛, С блок, 2-кабат, кабинет 208ге кайрылып консультация ала алышат.

Татыктуу келечекти тандагыла! Урматтуу абитуриенттер, ийгилик каалайбыз!

Урматтоо менен “Ала-Тоо” эл аралык университетинин IT & Business College.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан