Сокулукта 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен 50 жаштагы кошунасы кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда 10 жаштагы кызды алдап чакырып, андан кийин зордуктоого аракет кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине кыздын 37 жаштагы апасы арыз менен кайрылган. Арызда анын 10 жаштагы кызын кошунасы үйүнө алып кирип зордуктоого аракет кылганын билдирип, ага карата чара көрүүнү суранган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 162-берене "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Учурда керектүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү катары 50 жаштагы С.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда эки мергенчилик мылтык табылып, аларга баллистикалык экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп билдиришти Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2021-06-28 12:44:06
Жон эле фактысы жок жалаа жабууну койгулачы!
-6
Dembele84
2021-06-28 13:47:04
Азыр коншусу менен урушуп кетсе деле айыпка жыгыш учун аракет кылып жатыптыр деп жалаа койгондор бар экен.Ошону жаздым мен,факт точно териштирип анан жазгыла деп.Минусунар менен жерге киргирлер!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан