Кыргыз футболдук союзунун жетекчилиги түрк компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

27-июнда Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов, башкы катчы Медербек Сыдыков, коммерциялык директору Эмил Кутманов жана "Кыргыз Спорт ТВ" каналынын башкы директору Элнур Маммадов бир катар түрк компанияларынын жетекчилери, ошондой эле "TÜGİAD" Түрк жаш бизнесмендер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга "CC Holding" компаниясынын төрагасы Жевхер Женкчи, "Nomad Teck" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Жемал Эрсой, "Spor Sanayi" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Яшар Мерал, «TÜGİAD» Түрк жаш бизнесмендер ассоциациясынын өкүлү Адем Өксүз жана Түрк элчилигинин соода башкармалыгынын эксперти Айгүл Сайракунова катышты.

Жолугушуу Кыргыз футболдук союзунун инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууда реалдуу инвесторлорду тартуу үчүн уюштурулган. Анда Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда футболдук борборлорду куруу боюнча бир катар долбоорлор көрсөтүлдү. Эки тарап инвесторлорду тартуу жана аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолдорду талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан