Ош шаарында үй камагындагы жаран 18 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 29 жаштагы Т.Д. аттуу жаран 2003-жылы туулган кызды зордуктаган деп шектелип жатат.
"9-июнь күнү кыз милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда Т.Д аттуу жаран аны күч менен Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып барып зордуктап, урганын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү ошол эле күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.10-июнда сот анын баш коргоо чарасын карап, бир айга камакка алган. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти Ош шаардык милициясынан.
Эске салсак, буга чейин май айында 18 жаштагы кызды уурдап, аны урууга шектүү жаран кармалган.
Маалым болгондой, 18-май күнү 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу шектүү жаран Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз унаасына салып, түнү менен Ош шаарына алып келген. Жолдо аны коркутуп, уруп, телефонун талкалап салган. Шектүү кызды кызганып, "башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге" деп урган.
19-май күнү эртең менен саат 09:00 чамасында милиция кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, унаасында отурган жеринен кармашкан.
Алгачкы тергөөдө шектүү жаран 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшүп, кызды 2019-жылы бир нече ирет зордуктаганы аныкталган. Андан соӊ анын эркине каршы "сени зордуктаган учурду видеого тартып алгам" деп коркутуп жүргөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгондуктан, милицияга арыз жазуудан корккон. Жабырлануучу бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо айтып берерин билдирген. "Камабасаӊар менин берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан корком" деп айткан ал.
Бул факты боюнча "адам уурдоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 22-майда Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган.