Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда Дүйшөмбү шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Биргелешкен билдирүүнүн тексти:
"Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 28-29-июнда Садыр Жапаровдун Тажикстан Республикасына расмий сапары болуп өттү.
Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-тажик мамилелеринин абалын жана келечегин талкуулашты, региондук жана эл аралык күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашты.
Эки мамлекеттин ортосундагы 1996-жылдын 12-июлундагы Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишимде жана 2004-жылдын 26-майындагы өлкөлөр ортосундагы ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө келишимде жазылган принциптерди жана милдеттенмелерди карманарын билдирүү менен, тең укуктуулуктун, өз ара урматтоонун жана достуктун негизинде мамлекеттер аралык диалогду андан ары өнүктүрүү максатында мамлекет башчылары төмөнкүлөрдү билдирди:
1. Кыргыз-тажик мамилелери кылымдарды карыткан тарыхый байланыштарга, жалпы маданий жана руханий баалуулуктарга негизделген.
2. Мамлекет башчылары достукту жана ынак коңшулукту сактоо үчүн өздөрүнүн жогорку жоопкерчилигин түшүнүп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү чечимин ырасташты.
3. Президенттер Кыргыз-Тажик чек арасындагы чек ара жаңжалдарын болтурбоонун жана тараптардын эл аралык милдеттенмелерин жана эл аралык укуктун ченемдерин сактоосунун зарылдыгын белгилешти.
Президенттер эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен өз ара ыңгайлуу шарттарда конструктивдүү диалог куруу жана пайда болгон маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү ниетин билдиришти.
4. Мамлекет башчылары Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты. Алар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөнү жакташты. Президенттер кыргыз жана тажик элдери илгертеден бери жашап, карманып келген достук жана ынак коңшулук принциптери өз ара алгылыктуу натыйжага жетишүүгө өбөлгө болот деген ишеничин билдиришти.
5. Мамлекет башчылары саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну жандандыруу боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин биргелешкен аракеттерин улантууну жакташты. Региондогу өз ара аракеттенүүнүн жаңы атмосферасын калыптандырууга өбөлгө түзүүнү шарттаган Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушууларын туруктуу негизде өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Өз ара пайдалуу кызматташууга кошумча дем берүү жана аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында XXI кылымда Борбордук Азияда достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө беш тараптуу келишимдин түзүлүшүн биргелешип илгерилетүүгө даяр экендигин билдиришти.
6. Мамлекет башчылары мамлекеттер аралык диалогду өнүктүрүү үчүн зарыл болгон өз ара аракеттенүү механизмдери, биринчи кезекте мамлекеттер аралык координациялык кеңеш, эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия, Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия жана Тышкы иштер министрлеринин кеңеши бар экендигин баса белгилешти.
2021-жылдын экинчи жарым жылдыгында эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү карап чыгуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын Кыргыз жергесинде өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишилди.
7. Президенттер кыргыз-тажик мамилелеринин парламенттер аралык багытынын маанилүүлүгүн белгилешти.
8. Мамлекет башчылары эки мамлекет ортосундагы өз ара соода көлөмүнүн төмөндөшүн белгилешти. Ушул контекстте соода-экономикалык кызматташтыктын пайдаланылбай жаткан потенциалын колдонуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү жакташты. Алар өз ара ишкердик экономикалык миссияларын, экономиканын артыкчылыктуу багыттары боюнча көргөзмөлөрдү жана бизнес форумдарды уюштуруунун зарылдыгын белгилешти.
9. Президенттер чек ара аймактарында товарларды контрабандалоо улантылып жаткандыгына тынчсызданганын билдиришти. Мындай жагдай эки тараптуу экономикалык мамилелерге зыян келтирет деп эсептешет.
10. Өлкө лидерлери мамлекеттер ортосундагы региондор аралык байланыштарды түзүүнү жакташты. Алар эки мамлекеттин региондорунда агроөнөр жай комплексинде, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар экендигин баса белгилешти.
11. Борбордук Азия мамлекеттеринин калкынын жана экономикасынын өсүп жаткан муктаждыктарын канааттандыруу максатында жана климаттын өзгөрүшүндөгү терс тенденцияларды жана Париж келишиминдеги милдеттенмелерди эске алуу менен, Мамлекет башчылары регионду жана андан сырткары жактарды экологиялык таза жаңылануучу энергия менен камсыз кылуу үчүн эки өлкөнүн эбегейсиз гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү боюнча эл аралык демилгелерин өз ара колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
12. Мамлекет башчылары суу ресурстарын пайдалануу менен байланышкан эки тараптуу маселелерди кароо боюнча Ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантууга макулдашышты.
13. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосунда электр берүү линияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Борбордук Азия - Түштүк Азия CASA-1000 региондук электр берүү линиясын куруу боюнча кызматташууну улантуунун зарылдыгын белигилешти.
14. Мамлекет башчылары Тажикстандагы этникалык кыргыздар жана Кыргыз жергесиндеги этникалык тажиктер үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүнү макулдашты.
15. Президенттер элдердин жакындашуусуна жана улуттар аралык, маданий байланыштардын чыңдалышына өбөлгө боло турган биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү жолу менен кыргыз-тажик маданий-гуманитардык өз ара мамилелерин активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.
16. Мамлекет башчылары БУУнун универсалдуу эл аралык түзүм жана мамлекеттер аралык байланыш маселелерин чечүү үчүн негизги аянтча катары статусун, ошондой эле анын эл аралык иштердеги борбордук координациялык ролун бекемдөөнү жакташат.
17. Садыр Жапаров Тажикстандын суу жаатындагы глобалдык демилгелерин жактады жана 2020-жылдын 21-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы "2018-2028-жылдары "Туруктуу өнүгүү үчүн суу" эл аралык он жылдык аракеттердин максаттарына жетүүнүн жүрүшүн орто мөөнөттө ар тараптуу карап чыгуу боюнча БУУнун конференциясы" деген резолюциясын кабыл алгандыгын белгиледи.
18. Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасы демилгелеген "Жаратылыш чектөөнү билбейт: Трансчекаралык кызматташтык - биоартүрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун маанилүү фактору" деген резолюциянын БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында кабыл алынгандыгын кубаттады.
19. Садыр Жапаров Тажикстандын президентинин 2025-жылды эл аралык мөңгүлөрдү сактоо жылы деп жарыялоо демилгесин кубаттады.
20. Эмомали Рахмон 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоду.
21. Бириккен Улуттар Уюмунун, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун, Ислам кызматташтык уюмунун, Экономикалык кызматташтык уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме жана башка эл аралык уюмдардын жана форумдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү улантылат.
22. Садыр Жапаров 2020-2021-жылдары Тажикстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгын колдой тургандыгын билдирип, тажик тарабы сунуш кылган жана уюм үчүн мааракелүү жылы ишке ашырылган артыкчылыктардын актуалдуулугун белгиледи.
23. Президенттер 2021-жылы ноябрда Бишкек шаарында "Европа Бирлиги - Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумунун Борбордук Азиянын премьер-министрлеринин жана жогорку өкүлдөрүнүн деңгээлинде өткөрүлүшүн кубатташты.
24. Мамлекет башчылары эл аралык коалициянын аскерлеринин чыгып кетишине, ошондой эле өкмөткө каршы куралдуу элементтердин активдешүүсүнө байланыштуу Ооганстандагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти.
25. Мамлекет башчылары расмий сапардын жыйынтыгын канааттануу менен белгилешти жана болуп өткөн сүйлөшүүлөр эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө түрткү берип, өз салымын кошоруна ишеним билдиришти.
Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана аны Кыргыз Республикасына жооп катары расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алынды. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат".