Көкөмерен дарыясына агып кеткен 2 баланы куткаруучулар издөөдө
26-октябрда саат 16:50 чамасында Бишкек-Суусамыр жолунун 178-чакырымында жол-унаа кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Көкөмерен дарыясына Ниссан-Террано үлгүсүндөгү автоунаа кулап түшүп, жыйынтыгында 2000-жылы туулган Айпери Досумкулова жана 2001-жылы туулган Бакыт Досумкулов сууга агып кеткен. Учурда аларды Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу издөө иштерин улантууда.
Бир уйбулонун 3 баласы и агасынын келинчеги каза болду ал аялдын 3 баласы энесиз калса бир уй булонун чырактай уч баласы агып кетти бир уулу жана келин машинада калып 2 кичине баласы агып кетти. Терен кайгыруу менен жакындарынын кайгысын тен болушобуз. Табылып калса экен эми.
0
LuBiSh_DoKaJY
2013-10-28 10:21:10
Машинада бара жатышкан водител мамасы папасы женеси жана 3 баласы болуп тойго кетип жатышкан экен. Водител рульду башкара албай калып сууга кирип кетиптир, натыйжасында женеси жана 1 уулу машинадан чыга албай калып каза болушса 2 баласы агып кетип таппай жатышат. Терен кайгыруу менен конул айтабыз...
0
Jikos
2013-10-28 10:52:04
Иии табылып калсын деп тилейли , ото окунучтуу окуя болуптур..., эч кимдин башына мында й кун келбесин.
0
Shai
2013-10-28 11:01:44
Тооба кылдым кудайым ушундай кырсыктарынан сактаасын. Жаткан жери жайлуу болсун маркумдардын. Айла канча ар бир пенде качан кантип олушубузду билбейт экенбизда.
0
jguar
2013-10-28 11:55:42
Жараткан оз мээримине алсын.
Журогум эзилип кетти,жаш балдар ай........
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.