Футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1/8 финалында Германия менен Англия Лондон шаарында кез келип, оюн 2:0 эсебинде Англиянын жеңиши менен аяктады.
Германиялыктардын дарбазасына биринчи голду 75-мүнөттө "Манчестер Сити" клубунун чабуулчусу Рахим Стерлинг киргизди. Ал эми 86-мүнөттө "Тоттенхэмдин" чабуулчусу Харри Кейн Германиянын курама командасынын дарбазасына экинчи голду киргизип, немис машинасын турнирден четтетти.
Муну менен Англия турнирдин 1/4 финалына чыгып, анда Швецияны жеңип сенсация жараткан Украина менен кез келет.
1/8 финал: Англия - Германия (2:0);
Голдор: Рахим Стерлинг (75-м), Харри Кейн (86-м).