27-октябрь күнү Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу Топ-Лиганын алкагында жергиликтүү “Алай” менен бишкектик “Дордойдун” ортосунда чечүүчү беттеш орун алды. Беттеште “Алайга” чемпиондук наамды алып келген жалгыз голду 37-мүнөттө чабуулчу Владимир Верёвкин киргизди. Ошентип, “Алай” быйыл уткан Кыргызстандын Кубогуна жуп кылып чемпиондук наамды да жеңип алды. Эске салсак, эреже боюнча чемпиондук үчүн ат салышкан 8 клуб 1-айлампадан соң эки топко бөлүнгөн. Анда 1-топко кирген “Алай”, “Алга”, “Абдыш-Ата” жана “Дордой” клубдары 1-4-орундар үчүн ат салышса, 2-топко кирген “Нефтчи”, “Манас”, “Ысык-Көл” жана “Ала-Тоо” клубдары 5-8-орундар үчүн ат салышты. 1-топко кирген клубдардын учурдагы жагдайына көз чаптырсак, быйылкы жылдын чемпиону “Алай” 20 оюнда 43 упай менен 1-орунда, 2-орунда 18 беттеште 36 упай топтогон бишкектик “Дордой”, 3-орунда 19 оюнда 32 упай менен канттык “Абдыш-Ата” жана 4-орунду 19 оюнда 31 упай топтогон бишкектик “Алга” клубу ээледи.