Ишкерликке үйрөтүү – студентке эң мыкты салым! "Enactus AIU" командасынын куратору Назира Эсеналиева менен маек

АЭУнун «Энактус» долбоорунун академиялык кеңешчиси Эсеналиева Назира Солтонбековна менен маек:

- Саламатсызбы, Назира Солтонбековна. Сиздер иш алып барган долбоор менен кененирээк таанышуу максатында сиз менен маек курууга чыгып жатам. Алгачкы суроом "Энактус" деген эмне жана долбоор качантан бери иш алып барат?

- Саламатчылык. «Энактус» – бул ири эл аралык коммерциялык эмес уюм. Дүйнө жүзүндөгү 46 мамлекеттен келген студенттерди, бизнестин лидерлерин жана университеттердин ишмердүүлүгүн, социалдык жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырган уюм катары эсептелет. Кыргызстанда мурунку SIFE уюму 2012-жылы атын өзгөртүп («ребрендинг»), ENAKTUS (Entrepreneurial, Action, Us) деп аталып калган. Ал эми биздин «Ала-Тоо» университетинин командасы тууралуу айта турган болсок, ал 2015-жылы түзүлүп, 6 жылдан бери «Энактуска» мүчө болуп, жыл сайын улуттук мелдештерге (national competition) катышып келет.
- Буга чейин кандай жетишкендиктерге жеттиңиздер? Ийгиликтериңиздер жөнүндө айта кетсеңиз.
- Жогоруда айтып өткөндөй, биздин командага 6 жыл болду. Бул убакыт аралыгында, 2016-жылы "жылдын мыктысы" номинациясында жылдын мыкты жаңы командасы, 2018-жылы вице-чемпион наамдарына ээ болдук. Ал эми 2019-жылы АКШнын Сан-Хосе шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатта жарым финалга чыгып, дүйнөдөгү 10 күчтүү командалардын катарына киргенбиз.

- Бул долбоордун жаштарга кандай пайдалуу жактары бар?

- Чындыгында, долбоордун жаштарга пайдалуу жактары абдан көп. Учурда теоретикалык билим көп болгондуктан, студенттер стажировка өтөп, практика жүзүндө профессионалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө муктаж. Ал эми «Энактуста» социалдык жана бизнес-долбоорлорду ишке ашырууда студенттердин баары машыгып, ишти кандай алып барыш керек; долбоорду кантип түзүш керек; кантип каражаттарды максаттуу пайдалануу керек; кандай жолдор менен пайда табуу керек деген суроолордун баарына жооп таба алышат.
Негизинен «Энактустан» тажрыйба алган балдар даяр кесипкөй адис болуп калышат деп айтса болот. Менин мындай ойдо болушума негиздүү себептер бар. «Энактустан» тажрыйба алган студенттерге дайыма мониторинг жүргүзүп келем. Анын жыйынтыктарына таянсак, балдардын 60% бизнес жаатына ооп, өзүлөрүнүн жеке бизнестерин ачкан, калган окуучуларыбыз ири эл аралык компанияларда эмгектенишет, 5-6 окуучубуз азыр чет мамлекеттерде магистр программаларында толук стипендия менен окуп жатышат. Бул жетишкендиктердин баарына «Энактустун» салымы абдан зор деп ойлойм.

- «Ала-Тоо» эл аралык университетинин «Энактус» командасынын мүчөсү болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуу шарт?

- Команданын мүчөсү болуу үчүн атайын бир сапаты болуш керек деп айтуу туура эмес болуп калар. Жылына сентябрь айында "рекрутинг" өтөт? Анын жыйынтыгында жаңы мүчөлөрдү кабыл алабыз. «Ала-Тоонун» ар бир студенти командабызга мүчө болуп кошулганга укуктуу. Андан сырткары «Enactus day» деп аталган атайын иш-чара уюштурабыз, долбоор тууралуу кененирээк маалымат беребиз. Каалоочулар бизге жазуу түрүндө кайрылуу калтырышат. Тандоо этаптарынан өткөн соң, студент биздин командага мүчө болот. Жылына 1-курска жаңы кирген улан-кыздарды алабыз, себеби 4-курстун студенттери окууларын аяктап кетет. Анан кайрадан команда жаңыланып, 1-курста келген балдар 1 жыл ичинде АЭУ «Энактустун» улуу мүчөлөрүнөн тажрыйба жана билимдерин үйрөнүшөт. Кийинки жылы бул студенттер лидер катары, долбоордун координаторлору катары иштеп калышат.

- «Enaсtus » программасынын алкагында чет мамлекеттерге чыгууда финансылык колдоону кимдер көрсөтүшөт?

- Ар бир командада академиялык эдвайзер (академиялык кеңешчи), андан тышкары бизнес-эдвайзерлер да болот. Азыркы учурда «Ала-Тоо» командасында 5 бизнес-эдвайзер бар. Алар: "Куликовский" компаниясынын башкы директору Денис Гайворонский, бизнес-эксперт, бизнес-тренер Азамат Аттокуров жана Темир Ажыкулов мырзалар көп жардамын берип келген. Өзүңөр билгендей эле, Темир Ажыкулов "Жаш ишкерлер ассоциациясы" (ЖИА) уюмун көп жылдардан бери жетектеп келет. Быйылкы жылы дагы 2 жаңы бизнес-эдвайзерлер менен иштешип жатабыз. Команда долбоорлоруна жараша ар кандай бизнес өкүлдөрү менен келишим түзүп, ошонун алкагында иш алып барышат. Мисалы, дүйнөлүк чемпионаттарга барууда чемпион болгон 3 чакты командага чыгымдарды толук жапканга каражат бөлүнөт. Ал эми калган чыгымдарды жабууда бизнес өкүлдөрү, үстүртөдө аттарын атап өткөн адамдар көмөктөшөт.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Дагы жолугушканча саламатта туруңуз.

Ala-Too International University Enactus командасы 2021-жылдын абитуриенттерин “Ала-Тоо” эл аралык университетине тапшырууга чакырат жана сиздер менен жолугууну чыдамсыздык менен күтөт!

АЭУга тапшыруу тууралуу кененирээк маалыматты төмөндө билсеңиз болот:

www.alatoo.edu.kg,

+996312630407,

+996555820000,

info@alatoo.edu.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан