ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ (ЖМА) – бул Кыргызстандагы уникалдуу, жападан жалгыз, жаңы деңгээлдеги бир жылдык интенсивдүү даярдоо программасы.
ЖМАнын КЫЗМАТКЕРЛЕРИ студенттерди БААУнун коомчулугуна кошуу максатында бардык шарттарды түзүүгө даяр. Бир жылдык даярдоо программасынын негизинде студенттерге кесип тандоо боюнча багып берүү менен топтордо иштөө, жеке баалуулуктарын аныктоо, иш-аракеттерди пландоо боюнча кошумча иш-чараларды өткөрүп турабыз. Эл аралык толеранттуулук, достук жана кызматташтыкты жакшыртуу максатында студенттер арасында карым-катышты жакшыртууну көздөйбүз.
ЖМА СУНУШТАР:
ЖМАнын башкы окуу курстары англис тили, математика жана кошумча орус тили болуп саналат. Программа орто билим берүү окуу жайларындагы жана мектептердеги билим берүүдөгү жетишпеген билимди толтуруу максатын көздөп, тереңдетилген окуу программасын сунуштайт. Бардык курстар сын-пикир жана аналитикалык ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү, жалпы академиялык багытта жазуу көндүмдөрүн жакшыртуу жана студенттердин лидерлик сапаттарын арттырууга багытталат. Кыргыз өлкөсү гана эмес, Афганистан, Казахстан, Тажикистан жана башка бир канча өлкөдөн келген студенттер окугандыгына байланыштуу өзүбүздүн гана эмес, башка өлкөнүн жаш лидерлерин өстүрүүгө салым кошуп келебиз. Улут аралык толеранттуулук (сабырдуулук), достук жана кызматташтыкты чыңдоо максатында иш-чараларды өткөрүп келебиз. ЖМАнын окуу жылы эки бөлүмдөн туруп, күзгү жана жазгы мезгилдерди камтыйт. 600 сааттан ашык убакытта студенттер окуу программасын алышат жана кошумча ийрим, тил курстары, тест жазуу көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча кошумча сабактарга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Семинар, тренинг, саякаттоо дагы программанын кошумча сабактарына кошулган.
ЖМАнын ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУ ЖАМААТЫ жогорку билими жана көп жылдык окутуу тажрыйбасы бар мугалимдерден куралган. Мугалимдер жамааты окутуу менен катар студенттердин жогорку окуу жайларга тапшырууда атаандаштыкка туруктуу боло билүүсүнө түрткү беришет. Дебат, презентация, жазуу жана ооз эки иш алып баруулар окуу курстарынын негизин түзүшөт. Билим алуу менен катар студенттерди келечектеги жогорку окуу жайларына даярдашат
Эмнеге АНП:
ЖМА бүтүрүүчүлөрү ийгиликтүү, өзүнө ишенген, турмуштук позициясы жана келечекке конкреттүү пландары бар адамдар болушат. Максаттарына жетишип, бүтүрүүчүлөрдүн бүтүрүүчүлөрү чыныгы кесипкөй жана өлкөнүн лидери болушат.
Нурмухамад Туркбаев, ЖМА'17 бүтүрүүчүсү, ЖМАнын студенттик ассистенти, БААУнун студенти - Бизнес менеджмент факультети, U.S.-CAEF окумуштуусу, "Бизнес өкүл aта" бизнес долбоорунун сынагынын жеңүүчүсү:
"ЖМАсы менин жеке өнүгүшүмө жана өзгөрүшүмө эбегейсиз салым кошту. ЖМАнын жардамы менен англис тили жана математика боюнча билимимди гана өркүндөтпөстөн, окуумду тең салмактап, эч нерсеге карабай, алдыга жыла турган чыныгы лидерге айландым. ЖМАдин жардамы менен БААУга кирип, U.S.-CAEF стипендиялык программасынын финалисти болдум. Эгерде АНП болбосо, мен сөзсүз түрдө Баткенде туулуп-өскөн айылымда тыгылып калмакмын".
Айзана Арсланбекова, ЖМА’20, БААУнун студенти - Экономика факультети, U.S.-CAEF стипендиаты:
"ЖМА мен үчүн жаркын келечек үчүн трамплин болуп калды. Бул жөн гана даярдык программасы эмес, кесиптик жана жеке жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн бүтүндөй аянтча деп айтаар элем. ЖМАде алган билимимдин аркасында U.S.-CAEF стипендия программасынын финалисти болуп, университетте акысыз окууга жетиштим. Бул жерден үйрөнгөн эң баалуу нерсе - кыялыма жетүү жолундагы тоскоолдуктардан коркуу сезимин жеңгеним".
Өз мүмкүнчүлүгүңүздү колдон чыгарбаңыз, Жаңы муундагы академияга кирүүгө үлгүрүңүз! 2021-жылдын 20-июлуна чейин тапшырыңыз. Ийгиликтүү келечекке кадам таштаңыз! ЖМА менен кыялыңызга жетелеңиз!
БАЙЛАНЫШ ҮЧҮН МААЛЫМАТ:
Бишкек шаары, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Борбор Азиядагы Америка университети
Жаңы муун академиясы, 420-кабинет
Тел.: 0312 91 50 00 (485/486) жана +996 220 118 243
Электрондук дарек: nga@auca.kg
Сайт: www.nga.auca.kg
Facebook: New Generation Academy
Instagram: NGA_AUCA