Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Казакстанда өткөн мелдештин финалында жеңилди

21-27-октябрь аралыгында Казакстандын Чымкент шаарында өткөн баш байгеси 10 миң доллар болгон мелдеште кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев финалда утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясы билдирди. Анда Данияр мелдештин жалгыздан ойноо бөлүгүндө финалда орусиялык Станислав Вовк аттуу теннисчи менен кез келип, 6:0, 6:1 эсебинде жеңилип калган. Айта кетсек, ага чейин Данияр мелдештин жупта ойноо бөлүгүндө орусиялык Фёдор Червяков менен бирге алгачкы беттештеринде утулуп, мелдештен четтеген болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан