"Урматтуу кесиптештер! Медицина кызматкеринин күнү менен куттуктайм. Силердин эмгегиңер баа жеткис – силер адамдардын саламаттыгына кам көрүп, аны сактоого жана калыбына келтирүүгө жардам бересиңер.
Биздин максат – ар бир адам үчүн сапаттуу лабораториялык дарт аныктоону жеткиликтүү кылуу. Бирдиктүү аракеттер менен биз медицинага мамилени өзгөртүп, ишиңерди бир аз болсо да жагымдуураак кыла алабыз деген үмүттөбүз.
Атайын силер үчүн саламаттыгыңарды текшерүүгө жардам берген жаңы изилдөөлөр комплексин даярдадык, анткени буга жалгыз бейтаптар гана муктаж эмес”, – деп Кыргызстандагы “Гемотест” лабораториясынын мүдүрү Сапият Хочиева куттуктап өттү.
Медицина кызматкерлери “Гемотест” лабораториясында жүрөк-кан тамыр ооруларынын өөрчүү тобокелин баалап, COVID-19га каршы заттардын болушун пайдалуу баада текшере алышат.
1-июлдан 7-июлга чейин кесиптик майрамга карата 28.420.1 «Медицина кызматкерлери үчүн» атайын комплекси акциялык баада – биоматериалды алуунун наркын эске албаганда 950 сомдон жеткиликтүү. Арзандатуу менен комплексти тапшыруу үчүн “Гемотест” бөлүмүнүн администраторуна медициналык коомчулукка тиешелүүлүктү ырастаган кайсы болбосун документти көрсөтүү керек.
Акцияны өткөрүү шарттары жана мөөнөттөрү өзгөртүлүшү мүмкүн. Бөлүмдөрдүн даректерин жана иш тартиптерин gemotest.kg сайтынан тактаса болот. Байланыш номер 0 800 111 88 88.
Саламаттык тууралуу так жана актуалдуу маалымат – ийгиликтүү дарылоонун ачкычы. Ушул принципке “Гемотест” россиялык медициналык лабораториянын иши негизделген.
Лаборатория Abbott жана Roche сыяктуу алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн жабдыктарды жана чыгымдоо материалдарын колдонуп келет. Көпчүлүк анализдердин натыйжалары 1 күндөн кийин эле даяр болот, ал эми лабораториянын “арсеналы” 2600дөн ашык изилдөөлөр түрлөрүн, анын ичинде COVID-19га анализдерди камтыйт.
Компания жигердүү түрдө Кыргызстанда кеңейүүдө – учурда 35 бөлүм жана Бишкекте бир технологиялык комплекс ачылган.