14-26-октябрь аралыгында Казакстандын Алматы шаарында өткөн бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда командалык эсепте Кыргызстан курама командасы катышкан 100 өлкөнүн ичинен 22-орунду ээледи. Мелдешке Кыргызстан курама командасынан Турат Осмонов (49 килограмм салмакта), Азат Үсөналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Медер Мамакеев (60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Эркинбек Болотбек уулу (69 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг), Александр Панарин (81 кг) жана Сергей Паренко (91 кг) катышты. Катышкан боксчулардын ичинен Азат Үсөналиев менен Өмүрбек Малабеков 1/8 финалда утулса, Эрмек Сакенов чейрек финалда жеңилген. Калган боксчуларыбыз 1/16 финалдан өтө алган жок. Ал эми командалык эсепте 4 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль жеңген Казакстан курама командасы 1-орунду ээледи. 2-орунду 2 алтын, 2 күмүш жана 1 коло уткан Орусия курама командасы ээлесе, 3-орунду 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло жеңген Куба курама командасы ээледи. Дүйнө чемпиондугунда чемпион аталган боксчулардын тизмеси төмөндө:
49 килограмм салмакта
Биржан Жакыпов (Казакстан)
52 килограмм салмакта
Миша Алоян (Орусия)
56 килограмм салмакта
Жавид Чалабиев (Азербайжан)
60 килограмм салмакта
Эстрадо Лазаро (Куба)
64 килограмм салмакта
Мерей Акшалов (Казакстан)
69 килограмм салмакта
Данияр Йелесинов (Казакстан)
75 килограмм салмакта
Жаныбек Алимханулы (Казакстан)
81 килограмм салмакта
Хулио Пераза (Куба)
91 килограмм салмакта
Клементо Руссо (Италия)
91 килограммдан өйдө салмакта
Магомедрасул Меджидов (Азербайжан)