Чүйдө 73 жаштагы апасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өз апасын өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

30-июнь күнү Аламүдүн РИИБине Пригородное айылында киши өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Аламүдүн РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, 73 жаштагы М.А. аттуу аял киши колдуу болуп каза болгонун аныкташкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам издөөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип каза болгон аялдын 34 жаштагы уулу кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, шектүүнүн жашаган жеринен 5 диний китеп жана 1 дептер алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batken-i-love-you
2021-07-01 17:45:24
Диний китептер кайсы динге таандык экенин да кошо жазбапсыңар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан