21-27-октябрь аралыгында Польшанын Вроцлав шаарында өткөн оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык Сергей Долгалёв (105 килограммдан өйдө салмакта) 19-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирди. Аталган Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандан жалгыз катышкан Сергей Долгалёв жулкуп көтөрүүдө 165 килограммды, түртүп көтөрүүдө 190 килограммды багынтып, жалпы 355 килограмм көрсөткүчү менен 19-орунду ээледи. Ал эми жеңүүчү болуп жалпы көрсөткүчү 464 килограммды түзгөн орусиялык Руслан Албегов табылса, 2-орунду 458 килограмм салмак менен ирандык Бахадор Мулайе, 3-орунду 430 килограмм салмакта багынткан дагы бир орусиялык спортчу Алексей Ловчев ээледи.