Ырчы Аскат Мусабеков кыздуу болду. SUPER.KG порталы ырчынын кубанычтуу жаңылыгы менен бөлүшүп байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
"Абдан толкунданып, сүйүнүп жатам. Бүгүн, 3-июль күнү саат 9:00дө келинчегим шаардагы төрөтканалардын биринде аман-эсен көз жарып алды. Эне-баланын абалы жакшы, атын эми ойлонуштуруп жатабыз", - дейт Мусабеков.
Ырчы мырза өткөн жылы 25-июнда ырчы Миргүл Асаналиева менен баш кошкон.
Жарыкка келген наристе Аскат Мусабековдун үчүнчү перзенти. Буга чейин биринчи турмушунда кылкыякчы Залина Касымова экөөнүн ортосунда бир кыз, бир уулу бар.