"Пекиндеги башкы аянт - Тяньаньмэнде бүгүн, 28-октябрда автомобиль элдин тобун жарып кирип, анан өрттөнүп кетти. 3 адам өлүп, бир канча адам жараланды",- деп билдирет Кытайдагы Синьхуа агенттиги. Reuters агенттигинде болсо аянтта автомобиль жолдон чыгып, тосмону кесип өтүп, топ адамга барып урунуп, өрттөнүп кеткендиги айтылат. Айдоочу жана 2 жүргүнчү каза таап, бир нече турист жана полиция кызматкерлери жарадар болгон. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, полиция, "тез жардам" кызматы барышкан. Аянтка баруучу жолдор жабылып, аянттагы элдер чыгарылган.Чет элдик туристтердин биринин айтымында, ал өрт менен коштолгон жардыруунун болгонун уккан.