18-26-октябрь аралыгында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Дүйнөлүк уруш искусство оюндарында Кыргызстан жалпы медалдык эсепте 1 алтын жана 5 коло медаль менен 32-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Медалдык эсепте 1-орунду 93 медаль менен Орусия, 2-орунду 29 медаль Франция, 3-орунду 20 медаль менен Япония ээледи. Кыргызстандык спортчулардан алтын медалды бел боо күрөшүндө Нурбек Аканов жеңсе, коло медалды кикбоксчулар Рашит Аманкулов менен Сталбек Дарканбаев, боксчулар Бектур Отогонов менен Адилет Бекеев жана тай боксчу Данияр Кашкараев утту. Жалпысынан аталган мелдешке Кыргызстандан 13 спортчу катышты.