Бишкекте жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү болжол менен саат 22:20 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен Курманжан Датка көчөсү менен кетип бара жатып 2001-жылы туулган Н.С. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө адам жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү иш-чараларын жүргүзүп, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдүн жардамы менен 5-июль күнү Ваз-21150 унаасы кармалган. Ал эми унааны 1981-жылы туулган Ф.Р. аттуу айдоочу башкарып бара жатканы аныкталган. Айдоочу Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаа айып короого токтотулуп, териштирүү иштери башталды.