Толкунбек Курманбеков деген ысым шоу-бизнес чөйрөсүндө жаңыдан пайда болуп келе жатса да өзүнүн күйөрмандарын таап, элдин сүймөнчүлүгүнө айланып келе жаткан учуру. Алгач Москванын так ортосунда "Эзилип бүттүм" ырын гитаранын коштоосунда ырдап, ал видеосу интернеттен миллиондогон көрүүчү топтогон. Андан кийин эле "Жакшынам" аттуу автордук ыры да көпчүлүктүн сүйүп уккан чыгармасына айланды.
"Эл катары Москвада иштеп жүрөм" деген Толкунбек Курманбеков бул ирет биздин маек төрүбүздүн коногу болуп, Москвадагы жашоосу, чыгармачылыгы, сүйүүсү, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.