Футбол боюнча Кыргызстандын Индонезия менен өтүүчү жолдоштук беттешке катышуучу курамы аныкталды

Футбол боюнча Кыргызстандын 1-ноябрда Индонезия менен өтүүчү жолдоштук беттешке катышуучу курамы белгилүү болду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Аталган беттешке Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков 17 оюнчуну чакырды. Ошондой эле Сергей Дворянковдун машыктыруучу тобу орусиялык адис Артем Керселян менен толукталды. Джакарта шаарында Индонезия курама командасы менен өтүүчү жолдоштук беттешке чакырылган оюнчулардын тизмеси төмөндө:  

Дарбазачылар: Павел Матяш, Максим Зинченко (экөө тең “Дордой”), Руслан Амиров (“Абдыш-Ата”).

Коргоочулар: Тахир Авчиев (“Абдыш-Ата”), Даврон Аскаров, Фарух Абитов, Арий Элайджа (баары “Дордой”), Артур Муладжанов (“Алга”).

Жарым коргоочулар: Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу (экөө тең “Абдыш-Ата”), Вадим Харченко (“Дордой”), Анатолий Власичев (“Спартак”, Казакстан), Ахлетдин Исраилов (“Динамо”, Украина).

Чабуулчулар: Хуршит Лутфуллаев, Ильдар Амиров (экөө тең “Абдыш-Ата”), Мирлан Мурзаев (“Дордой”), Иван Филатов (“Алга”).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maksb86
2013-10-29 06:25:11
Каюм шарипов кана?
0
Shai
2013-10-29 09:01:37
Кыргызстандын Чемпиону болгон Алай командасынан 1да спортчу жокко. Биз ошондойбузда кучтуу оюнчуларды баалабайбыз. Тааныш билиш анан женилип калып журо беребиз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан