Таласта 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй ата дагы деле кармала элек. Учурда милиция кызматкерлери издеп жатышат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Окуянын чоо-жайы:
22-июнь күнү саат 20:48 чамасында Кара-Буура РИИБинин 102 кызматына Чымгент айылынын 35 жаштагы тургуну чалып, 2005-жылы туулган кызын 50 жаштагы өгөй атасы күч колдонуп зордуктап жүрүп, боюнда болуп калганын билдирген.
Тергөө тобу окуя болгон жерге барганда өгөй атасы качып кеткени аныкталган. Текшерүү учурунда жабырлануучунун апасы кызынын зордукталганын уккандан кийин ошол замат милиция бөлүмүнө барбай, милицияга 2-3 күн өткөндөн кийин кайрылганы белгилүү болгон. Зордукталган кыздын апасы шектүү менен өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, убакыт өтүп кеткендигин айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 161-берене ("зордуктоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.