Испандык алптар: “Барселона” менен “Реалдын” беттеши каталониялыктардын жеңиши менен аяктады

26-октябрь күнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун 10-турунда клубдар арасында эң күчтүү делген “Реал” менен “Барселонанын” беттеши болуп өттү. Анда мадриддик “Реал” каталониялык “Барселонада” конокто болду. Беттеш 2:1 эсебинде аяктап, бул ирет Эль-Класикодогу жеңишти “Барселона” майрамдады. Беттештин башкы каарманы болуп биринчи ирет Эль-Класикого катышып жаткан бразилиялык Неймар болду. Неймар өзү соккон голдон сырткары, экинчи Алексис Санчестин киргизген голуна да салым кошту. Ал эми “Реалдын” курамынан негизги убакыт аяктап калганда Роналдунун чыгарып берүүсүнөн кийин алмашууга чыккан Хесе Родригес бир гол киргизе алды. Ошентип, беттеш 2:1 эсебинде “Барселонанын” жеңиши менен аяктады. Бул беттештен кийин 1-орунда келе жаткан “Барселонадан” “Реал” 6 упай артта калууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Real_Madrid95
2013-10-31 11:20:22
Судья Барселонага тартып койду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан