Ырчы Турдакун Ниязалиев уулдуу болду. Жубайы борбордогу төрөтканалардын биринде 9-июлда көз жарганын айткан ырчы кубанычы менен бөлүштү.
"Учурда эне, баланын абалы жакшы. Кудайга шүгүр, көп баланын ата-энеси болуп турабыз. Уулубузга азырынча ысым тандап жатабыз. Пайгамбардын хадисинде кимде-ким үч уулдуу болсо, бирөөнүн атын Мухаммед кой деп айтылган. Кыргызча ысым ыйгарсакпы деп ойлонуп жаткан учурубуз", - дейт ырчы.