Урматтуу абитуриенттер! Алгач силерди мектепти аяктооңор менен куттуктайбыз!
Эми силердин алдыңарда татаал жана тагдыр чечүүчү тандоо жасоо маселеси турат: Ким болуу керек? Кайсы университетти тандасам мага туура келет? Жаңылбастан кантип туура тандоо жасоо керек?
Кыргызстанда жогорку окуу жайларынын кеңири тандоосу сунушталат. «Ала-Тоо» эл аралык университетинде силердин бардык суроолоруңарга жооп табууга жардам көрсөтүүгө даярбыз!
Келечегиңердин камын бизге тапшыргыла – биз дүйнөгө дал ошол терезени ачып беребиз!
Силердин тандооңорго дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген эң заманбап кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган төрт факультет сунушталат (окутуу мөөнөтү - 4 жыл).
Информатика жана инженерия факультети:
Экономика жана башкаруу факультети:
Гуманитардык илимдер факультети:
Медицина факультети:
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин бакалавр программаларына тапшыруу Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыктарынын негизинде ишке ашырылат. Кирүү тесттери жок. АЭУнун программаларына катталуу үчүн ЖРТнын босоголук баллы (105 балл) талап кылынат. “Дарылоо иши” жана “Информатика жана эсептөө техникасы” программаларына тапшыруу үчүн негизги тесттин кийинкидей диапазондогу жыйынтыктары талап кылынат: 110 жана 130 балл. Медицина факультетинде бакалавр даражасын алууну каалаган абитуриенттерден кошумча предметтер талап кылынат (химия – кеминде 55 балл, биология – кеминде 60 балл).
"Ала-Тоо" эл аралык университетинде окутуу контракттык негизде жүргүзүлөт жана бюджеттик орундар каралган эмес. Факультеттердеги окутуу акылары тууралуу кийинки шилтемеден таанышса болот:
http://www.alatoo.edu.kg/view/public/pages/page.xhtml?id=5840
Бирок студенттердин басымдуу бөлүгү арзандатуулар менен билим алышат, себеби биз 5%дан 100%га чейинки окутууга карата финансылык колдоолорду сунуштайбыз. Арзандатуулардын тизмеси менен кийинки шилтемеден таанышса болот:
http://www.alatoo.edu.kg/view/public/pages/page.xhtml?id=69
Тапшырууга билдирме берүү www.2020.edu.gov.kg порталындагы "Абитуриент онлайн" системасы аркылуу жүргүзүлөт. Биринчи тур 2021-жылдын 12-июлунда саат 08:00дө башталат.
Студентти окууга алуу абитуриенттин жеке арызы боюнча АЭУнун кабыл алуу комиссиясына документтердин пакетин тапшыруу аркылуу жүргүзүлөт.
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин бакалавриатынын абитуриенттери үчүн документтердин тизмеси:
Ala-Too International University English Proficiency Test (AIU EPT)
Баарына белгилүү болгондой, "Ала-Тоо" эл аралык университетинде окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Жалпы билим берүүчү предметтер мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт. Биринчи курста окуу үчүн абитуриент англис тилин Intermediate деңгээлинде билүүсү зарыл. Университетке кабыл алынгандан кийин бардык абитуриенттер 5 бөлүктөн турган AIU EPTке катышат:
100% жыйынтыктын 60%ын алган студенттер алар тапшырган программанын биринчи курсуна которулуп, ал жерден төрт жыл билим алышат. Ал эми жыйынтыктар мындай болбогон учурда студенттер АЭУнун даярдык курстарына (Foundation Course) тапшырып, ал жерден англис тилин эне тилинде сүйлөгөн окутуучулар менен тереңдетилген деңгээлде англис тилин окуп үйрөнүшөт. Алар үчүн окутуу мөөнөтү 5 жылды түзөт. Foundation Courseту аяктагандан кийин студенттер кайрадан ЖРТ тапшырбайт жана кайрадан АЭУга тапшырбайт. Алар тандаган адистиктери боюнча автоматтык түрдө биринчи курса өтүшөт.
AIU EPT кирүү тести болуп саналбарын белгилей кетебиз. Бул тесттин жардамы менен биз студенттердин англис тил деңгээлин аныктап, аларды деңгээлдер боюнча бөлүштүрөбүз.
TOEFL (IBT-60 points), IELTS (6.0 points) оригинал сертификаттарына ээ абитуриенттер алардын көчүрмөлөрүн берип, AIU EPTке катышпастан АЭУнун биринчи курсуна автоматтык түрдө катталат.
Абитуриенттерди кабыл алуу кабыл алуу комиссиясынын графигине ылайык, Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, Анкара көчөсү, 1/10 (Чокон Валиханов көчөсү менен кесилиши) дареги боюнча башталат. +996 (555) 820000 (W/App) телефону боюнча суроолорду берип жана кеңеш алса болот.
Айрым бир себептер боюнча университетке окуй албаган жана такай окуу формасында (очное обучение) окуй албагандар үчүн биздин Дистанттык окутуунун Эл аралык Борбору аралыктан сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү менен эки программаны сунуштайт (окутуу мөөнөтү – 5 жыл):
1) Менеджмент;
2) Педагогика.
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин 9-11-класстардын базасында орто кесиптик билим берүүсү:
Ошондой эле "Ала-Тоо" эл аралык университети 9-класс жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн IT & Business Collegeинде атайын орто билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт (окутуу мөөнөтү – 3 жыл):
Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) босоголук балл топтой албаган абитуриенттер биздин колледжден окуп, аны аяктаганда ЖРТ тапшырбастан бакалавриаттын экинчи курсуна тапшырса болорун белгилей кетебиз.
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин IT & Business Collegeине тапшыруу кирүү экзамендеринин (математика, англис тили) жыйынтыктары боюнча ишке ашырылат. 2021-жылдагы Кыргызстандагы өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында биздин колледжге кирүү экзамендери онлайн жеке кабыл алынат. Экзаменге катталуу үчүн кийинки шилтемеге өтүү зарыл:
Көңүл бургула! Так маалыматтарды (телефон номери жана e-mail) киргизүү зарыл, себеби андан аркы маалымат дал ушул реквизиттерге жөнөтүлөт.
Экзамендерден ийгиликтүү өткөндөн кийин колледждин кызматкери абитуриент менен байланышып, андан аркы кадамдарды түшүндүрүп берет.
Биздин колледждеги программалардын окутуу акысы окутуу программасына жараша жылына 1500$ -2000$ чейинки сумманы түзөт.
Кабыл алуу комиссиясы абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин Бишкек шаары, Тунгуч кичи району, Анкара көчөсү, 1/10 (Чокон Валиханов көчөсү менен кесилиши) дареги боюнча кеңеш берет жана кабыл алат.
Кийинки телефондор боюнча суроолорду берип жана кеңеш алсаңыздар болот: +996 (551) 505477, +996 (703) 943440.
IT&Business Collegeге тапшыруу үчүн документтердин тизмеси:
Эгерде силерде кошумча суроолор пайда болсо, төмөнкү телефондор аркылуу биз менен байланышууңарды суранабыз:
Бакалавр: +996 (555) 820000.
IT & Business College: +996 (551) 505477, +996 (703) 943440.
Студенттерди жана окутуучуларды алмашуунун эл аралык программалары
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин Эл аралык кеңсеси биздин университеттин «визиттик карточкасы» болуп саналат. Анын он жылдык тарыхында АЭУнун жүздөгөн студенттери жана окутуучулары ар кандай алмашуу программалары боюнча дүйнөнү кыдырып чыгышты, себеби АЭУ дүйнөнүн 25 өлкөсүндөгү 75 университет менен кызматташтыкта иш алып барат!
Кайсы өлкөлөрдө биздин өнөктөш жогорку окуу жайларыбыз бар экендигин төмөнкү шилтемеден билсеңер болот:
Ошондой эле биздин алмашуу программаларыбыз, студенттердин жетишкендиктери, окутуучулук курам жана окуу программалары тууралуу маалымат биздин www.alatoo.edu.kg сайтыбызда эркин жеткиликтүү.
Эми, аягында...
Урматтуу абитуриенттер, «Ала-Тоо» эл аралык университетинин администрациясынын атынан силерге ийгилик, жетишкендиктерди, эргүү жана бакыт каалайбыз! Силердин тандооңор ийгилик алып келип, кесиптик турмушуңарда өз жолуңарды табууңарды каалайбыз!
"Ала-Тоо" эл аралык университетинен көрүшкөнчө! Урматтоо менен "Ала-Тоо" эл аралык университети.