Дача-СУ айылында атасынын өлүмүнө уулу шектелип кармалды

Чүй облусунун Дача-СУ айылында атасынын өлүмүнө уулу шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июлга караган түнү милицияга Дача-СУ айылында жергиликтүү тургун көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу аталган жерге барып, 55 жаштагы К.К. аттуу жарандын жансыз денесин табышкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары маркумдун 25 жаштагы уулу кармалган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан