"Шамбала" тасмасы Италияда өтө турган эл аралык фестивалда бир нече номинация үчүн ат салышат

Артыкпай Сүйүндүков режиссёрлук кылган "Шамбала" тасмасы Италияда уюштурулган фестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Кыргызфильмден" маалымдашты.

Маалым болгондой, "Religion Today" кинофестивалы 22-29-сентябрь аралыгында өтөт. Анда "Шамбала" тасмасы бир канча номинацияга көрсөтүлүп, "мыкты саундтрек" үчүн калыстардын атайын байгеси үчүн ат салышат.

"Religion Today" - бул тынчтык маданияты, диндер аралык диалог үчүн диний ар түрдүүлүккө арналган эл аралык кинофестиваль. Фестиваль диний каада-салттарда жана ишенимдерде, ошондой эле кинематографиялык стилдерде жана тилдерде "айырмачылыктарды изилдөө" саякат идеясын жайылтат.

Сүйүндүковдун тасмасы Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

"Шамбала" тасмасы быйыл, 25-апрелде "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын жеңип алган. Ошондой эле Орусиянын кинематографиялык искусство академиясынын "Ника" сыйлыгына татыган. 8-15-январда Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссура" сыйлыгына ээ болгон. Тасма бир катар эл аралык фестивалдарга катышып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан