Lay’s жана Кыргызстан Кызыл Ай Коому угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү максатында "Жылмаюу менен бөлүш!" социалдык долбоорун баштады

Угуунун бузулушу боюнча көйгөй дүйнө жүзү боюнча кеңири жайылган сыяктуу эле Кыргызстанда дагы көп кездешет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнөдө угуу мүмкүнчүлүгү түрдүү деңгээлде чектелген адамдардын саны – 430 миллион, Кыргызстанда болсо миңдеп саналат.

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомго аралашуусуна тоскоолдук кылган негизги маселе тышкы дүйнө менен байланыш куруунун татаалдыгы болуп саналат. Себеби алар үчүн байланыш түзүүнүн негизги ыкмасы – бул жаңсоо тили, дактилология жана эриндерди окуу. Бирок муну баары түшүнө алабы?

Ошентсе да бардык тилде бирдей мааниге ээ жана ар бир адамга сөзү жок эле түшүнүктүү болгон бир гана универсалдык ыкма бар. Ал жылмаюу!

Lay’s бренди Кыргызстан Кызыл Ай Коому менен биргеликте угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дүйнөнү жарык кылууну каалайт жана бардык кыргызстандыктарды биригүүгө жана жылмаюу менен бөлүшүүгө чакырат!

Биз биргеликте дүйнөнү жарык жана шаттуу кылабыз! Lay’s брендинин таңгагында жылмаюусу бар түрдүү даамдагы ар бир пачкасын сатып алууда Кыргызстан Кызыл Ай Коомуна угуу мүмкүнчүлүгү четкелген адамдар үчүн угуу аппараттарын сатып алууга 1 сом которулат. Ар бир адамдын салымы өтө маанилүү жана ал адамдарга дүйнөнү угууга жардам берет!

Мындай колдоо көрсөтүүнүн себеби, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген айрым адамдар угууну жана адамдар менен сүйлөшүүнү каалашат. Бирок угуу аппараты абдан кымбат турат.

Муну менен бирге мындай адамдар үчүн угуу аппараты бренддин жөн эле белеги гана болбойт. Бул – дүйнөнү угуу, кыялдарын жана каалоолорун орундатуу мүмкүнчүлүгү. Кээ бирлери туугандары менен сүйлөшө алышат, кээ бирлери билим ала алышат, кээ бирлерине болсо бул жашоосундагы жөнөкөй (домофондун үнүн угуу, телефон чалууга жооп берүү) жана маанилүү нерселерди (музыка угуу жана фильм көрүү, курчаган чөйрө менен байланыш түзүү) жакшыртууга жардам берет.

"Биздин миссия – бул угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кирген калктын аярлуу катмарынын жашоосун жакшыртуу жана жеңилдетүү. Буга байланыштуу КАУК үчүн аларга жардам көрсөтүү жана алардын жөнөкөй керектөөлөргө жана кызмат көрсөтүүлөргө ээ болуу мүмкүнчүлүгүн берүү абдан маанилүү болуп саналат. Жашоодогу үндөрдү угуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган адамдардын дүйнөсү кандай болду экен? Алар күн сайын кандай тоскоолдуктарга кабылышат жана мындай абалда жашоону сүйүүнү кантип үйрөнүү керек? Адамдарга угуу мүмкүнчүлүгүн берүү азыркы күндө фантастикалык же мүмкүн эмес болуп саналбайт. Угуу аппараттарын алуу менен көптөгөн начар уккан адамдар ойго келбеген мүмкүнчүлүктөрүн жана окуу, иштөө, сүйүктүү адамдарынын күлкүсүн, жамгырдын үнүн угуу сыяктуу жылуу каалоолорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушмак”, - дейт КР КАУК КБ социалдык өнүктүрүү департаментинин башчысы Айдай Бакашева.

Угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү жана брендге көбүрөөк жылмаюуну топтоого жардам берүү үчүн сиз жылмаюунун сүрөтү бар продукту сатып гана албастан, Instagram да Lay’s тин бет кабын колдонуу менен Stories жаздыра аласыз. Ар бир стористен түшкөн кошумча 1 сом Кыргызстан Кызыл Ай Коомуна кайрымдуулук ишинин жалпы суммасынын чегинде угуу аппараттарын сатып алуу үчүн жумшалат.

Бул акция Кыргызстандын бардык аймагында жүргүзүлүп, 2021-жылдын 15-июнунан 15-августуна чейин уланат. Lay’s менен биргеликте жылмаюуну бөлүшүңүз жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын дүйнөнү угушуна жардам бериңиз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан