"Айтпаган нерсени айттырышты". Бактыгүл Бадыева анын атынан пикир тараткан тараптарга чара көрүү боюнча юристтерге кайрылат


Социалдык тармактарда, маалымат айдыңында ырчы Бактыгүл Бадыеванын атынан билдирүүлөр тарады. Билдирүү жакында Орусияда орун алган кыргыз-тажик мигранттарынын массалык мушташына карата айтылган пикир иретинде мүнөздөлгөн.

Айрым маалымат каражаттары бул пикирди ырчы айтты деп жазып чыгышты. Бирок ырчы эч кандай билдирүү жазбаганын айтат.

"Мага бул маалыматты курбум жиберди, окуп алып нес абалда калдым. Айтпаган нерсени айтты деп жатса жаман болосуң. Мындай маалымат кайдан чыкканын билбейм. Негизи ушактарга көңүл бурбайм, анткени мага кызыксыз. Мен эч качан адамдарды улутуна карап бөлгөн эмесмин. Бул тууралуу оюма дагы келбейт. Анан дагы күндөлүк лексиконумда "сасык" деген сөздү колдонгон эмесмин.

"Жаман улут болбойт, жаман адам болот" дейт эмеспи. 10 жылдан бери сулуулук салонду иштетип келем, анда ар кайсы улуттун кыздары бар, баарыбыз бир үй-бүлө болуп иштеп келе жатабыз.

Эми муну жазгандарга кандай чара колдоном ойлонуп жатам. Кечке жуук юристтер менен кеңешем. Бул нерсени калтырып койгон болбойт деп ойлойм, анткени кийин мындай көрүнүш кайталанып, башкалар дагы жабыр тартып калышы мүмкүн", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарга ырчынын атынан "Урматтуу жигиттер, тажиктердин койнунда жатып жүргөн сасык кыздар үчүн өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла" деген билдирүүлөр тараган. Айрым маалымат сайттары Бактыгүл Бадыевага таянып, ушул пикирди жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Antiradikal4
2021-07-14 15:58:48
Сасык эмес, жийиркеничтуу десе туура болот. Ар кайсы улут эркегине ойнош болуп тряпка болуп тошолгон сойкулардын ата-энелерине мин наалат болсун ушундай акмактарды "тарбиялап" остургон.
+7
Jacob.
2021-07-14 16:40:34
Ошо жоноткон досундан сурада, башка эч ким деле билдируунду уккан коргон жок болуш керек. Акыркы кундору Анжеликадан калышпай бул дагы “хайп” оорусу менен ооруп калды го..
0
ainura220888
2021-07-14 17:27:23
Тажик кыздарга уйлонуп тажик кыздардын койнунда жаткан жигитерчи? Алар кимдер?
-4
Jaraisyn
2021-07-14 18:03:08
ainura220888, койчу ошондойлор да бар бекен
-4
nazira...
2021-07-14 19:30:38
ainura220888,жайладын го
-3
nazira...
2021-07-14 19:32:26
Бактыгул айтса, айтпаса деле, ким айтса да эң туура айткан. Жететтир ушундай создөр ошол кыздарга, көздөрүн ачып калаттып аз да болсо.
0
AruuKasi
2021-07-14 19:53:36
Сенден башка Бактыгул жок бекен фейзбукта журотго Бактыгул Бадыева деген кыз жазган. Сенин суротунду койуп башкалар таратып жиберген
0
bond02
2021-07-15 00:07:59
AruuKasi,Бактыгул Байдиева деген кыз экен го.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан