Футбол боюнча Италия курама командасынын негизги дарбазачысы Жанлуиджи Доннарумма Франциянын "ПСЖ" футболдук клубуна өттү. Мындай маалымат париждик клубдун расмий сайтына жарыяланды.
"ПСЖ" клубу Жанлуиджи Доннарумманын клубга кошулганын кубануу менен билдирет. Италиялык дарбазачы беш жылдык келишимге кол койду. Келишим 2026-жылдын 30-июнуна чейин түзүлдү", - деп жазылды клубдун расмий сайтында.
Июнь айынын аягында дарбазачынын "Милан" клубу менен болгон келишими аяктаган. Буга чейин 22 жаштагы Доннаруммага "Барселона", "Ювентус", "Рома", "Челси" жана "Тоттенхэм" клубдары кызыкдар болгон.
Жанлуиджи Доннарумма футбол боюнча Европа чемпиондугунун мыкты футболчусу аталган.