Москвадагы мигранттардын массалык мушташына катышууга айыпталып 42 адам камалды

Москванын Кузьминск соту "Кузьминки" метросундагы мигранттардын ортосундагы массалык мушташтын 30дан ашуун катышуучусун административдик укук бузганга күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Шейшемби жана шаршемби күндөрү орун алган мушташта кармалган 42 жаран күнөөлүү деп табылып, алардын ар бири 15 күнгө камакка алынды.

Жакынкы күндөрү массалык мушташтын башка катышуучулары боюнча материалдар сотко жөнөтүлөт. Буга чейин мушташтын катышуучулары Орусиядан чыгарылары айтылган. Жалпысынан полиция мушташтын 103 катышуучусун кармаган. Кармалгандардын айрымдарына Административдик кодекстин беренелери боюнча "чет өлкөлүк жарандардын Орусияда жүрүү эрежелерин бузуу жана майда бейбаштык" боюнча протоколдор түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Москва шаарындагы "Кузьминки" метро станциясынын жанында жүздөн ашуун мигрант массалык мушташ уюштурушканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-07-15 14:24:30
Тактап айтсаңар канчоо биздин жарандар канчоосу тиги лөлүлөр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан