Мумия - атайын кошулмалардын негизинде жасалган суюктук менен бальзамдалып сакталган дене.
Бүгүнкү күнгө чейин жакшы сакталып келген мумиялардын бири кытайлык бай аял Синь Чжуйга таандык. Ал болжол менен биздин заманга чейинки 160-жылдары 50 жашында каза болгон. Анын мумиясы салынган табытты 1971-жылы аскердик окуу учурунда табышкан.
Ал коомдун ошол убактагы элита катмарына кирген үй-бүлөдөн болгон. Окумуштуулардын айтымында, Синь Чжуй гедонист (жашоодон ырахат алып жашоо) болгон. Мындай жашоо образы анын өлүмүнүн башкы себепкери болгон дешет. Себеби ал даамдуу тамак жегенди жакшы көрчү, күн сайын ар түркүн тамактарды жеп, бай болгондуктан дээрлик жумуш кылган эмес, аз кыймылдап, көп тамак жеген үчүн эрте көз жумган деген божомолдор айтылат. Ал 50 жашында 130 килограмм болгон, бою болсо 152 сантиметрди түзгөн. Ошондой эле окумуштуулар аз кыймыл жана оор салмагы анын омурткасында көйгөйлөрдү жараткандыгын айтышкан.
Синь Чжуйду баалуу буюмдары менен кошо көмүшкен. Анын табытынын ичинде өзү колдонгон буюмдары болгон. Анын табытынын жанынан жолдошунун жана уулунун да табыты табылган, бирок алардын табытындагы баалуу буюмдарды тоноп кетишкен.
Анын денеси ушул күнгө чейин жакшы сакталганы окумуштууларды бүгүнкү күнгө чейин таң калтырып келет. Маркумдун денеси жумшак бойдон калган, ал эми кан тамырынан кан табылган, ошондой эле муундары кыймылга келүү жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган эмес, эң таң калычтуусу анын ички органдары жакында эле көз жумган адамдардыкындай сакталган.
Мумия сакталган саркофагда (табыт) саргыч суюктук болгон. Бирок табыт ачылары менен ал суюктук абага сиңип кеткен. Мындан улам мумия кандай суюктук менен сакталып келгени окумуштууларга табышмак бойдон калган.