Ырчы Асел Кадырбекова жашоосунда орун алган окуялардан кийин чыгармачылыгын жандантып, "Кечикпечи" аталышындагы ыр жаздырды. Ал ырды кырсыкка кабылганына туура бир жыл болгондо күйөрмандарына угузган.
Бир күн мурда ырчы аталган композициясына тартылган клипти күйөрмандарынын сынына койду. Клипти көргөн ырчынын сахналаш кесиптештери, чыгармачылыктан тапкан курбулары жана күйөрмандарынын баары бир ооздон жакшы пикирлерин айтышууда. Анда Асел Кадырбекованын чыгармачылыкка кайтып келишине кубанган, дагы да таасир калтыра турган чыгармаларды күткөн маанайдагы билдирүүлөр көп. Ошондой эле ден соолук каалагандар дагы жок эмес.
"Буюрса, жакшы күндөр алдыда көп. Себеби жакшы адамдардын аткара турган иштери али көп.
Бул оңой эмес күндөрдө жашообуздун баркын билип жашаганга чакырам. Ар бир караңгы түндүн артынан агарып таң атат. Ушул клипке салымын кошкон адамдарга чоң ыраазычылык", - дейт Асел Кадырбекова.
"Кечикпечи" клибин көрүү үчүн шилтеме.
Ырчы кабылган жол кырсыгынын чоо-жайы:
2020-жылы 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.
Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган. Иш өндүрүштөн кыскартылган.