48 жаштагы америкалык боксчу Бернард Хопкинс бокс тарыхындагы эң картаң чемпион

27-октябрь күнү америкалык боксчу Бернард Хопкинс (79 килограмм салмакта) германиялык Каро Мурат менен беттешип, 12-раунддун жыйынтыгы боюнча 117:110, 119:108, 119:108 эсебинде жеңип, IBF (Эл аралык бокс федерация) версиясы боюнча чемпиондук наамын сактап калды. Муну менен Бернард Хопкинс 48 жаш 9 айында чемпиондугун сактап, буга чейин 48 жаш 3 айында чемпиондугун сактаган атактуу мушкер Жорж Формандын рекордун артта калтырды. Беттештен кийин Хопкинс: “Мен Муратты нокаутка түшүрөйүн дегем, бирок андай болбой калды. Мен рингдеги артистмин, күйөрмандар эмнени көргүсү келсе ошону аткарам”,- деди. Ошондой эле салмак даражасына карабай эң ийгиликтүү боксчу делген Флойд Мейвезер (72 килограмм) менен беттешүүгө даяр экенин айткан. “Эгер Флойд менен беттешүү үчүн сүйлөшүүлөр башталса мен салмагымды 72 килограммга түшүрүүгө даярмын”,- дейт картаң чемпион Бернард Хопкинс.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан