«Мой О!» тиркемеси менен жакындарга камкордук кылуу да жеңил. Бир эле функционалдык тиркемеден канчалаган нерселерди аткарса болот!
Жакындарга камкордук
«Менин номерлерим» акысыз функциясы жакындарыңыздын байланышта болуусу үчүн алардын номерлерин башкарууга жардам берет. Мисалы, ата-энеңиздин же балдарыңыздын телефон номерлерин кошуп алуу менен, алардын байланышсыз калышына тынчсызданбай эле койсоңуз болот. Тиркеме алардын балансын качан толукташ керек экендигин эскертип турат.
Сиз төмөнкүлөрдү аткара аласыз:
Активдештирүү үчүн керектүү «Менин номерлерим» вкладкасына кошуу жана абоненттен номерди башкарууга макулдук алуу гана жетиштүү. 50гө чейин номерлерди кошсо болот.
Жакындарыңыздын кайда экенин билүү
«Сен кайдасың?» жана «Балдар кайда?» сервистери бир нече секунданын ичинде үй-бүлө мүчөлөрүңүздүн жана досторуңуздун турган жерин аныктаганга жардам беришет. Бул кызмат менен сиз чоң энеңиздин базардан келгенинен, чоң атаңыздын дачада экендигинен, же балдарыңда баары жайында экендигинен кабардар болуп турасыз. Мындан тышкары балаңыз «Балдар кайда?» кызматынын«Көңүл бургула, мен бул жердемин!» сигналы менен өзүнүн локациясын билдире алат. Сервис аптанын белгилүү күндөрүндө координаттарды аныктоо үчүн автоматтык издөө графигин ырастаганга мүмкүнчүлүк берет. Бул балаңыздын белгиленген убакытта мектепке же курска жеткендигин билип туруу үчүн ыңгайлуу.
Өзүңүздүн тынчтыгыңыз үчүн тизмеге бир нече кишини киргизип алыңыз.«Мой О!» тиркемесиненкошупалууүчүн аткарылчу аракеттер:
Акылдуу үй жана бизнести башкаруу
Тиркеме үйдө же кеңседе акылдуу түзүлүштөрдү колдонууда дагы пайдалуу болмокчу. Эгер сиздин автоунааңызда сигнализация турса, үйүңүздө коргоо системасы, кеңсеңизде видеобайкоо жүргузүлсө, анда түзүлүштүн SIM-картасынын номерин «Менин номерлериме» кошуңуз, аларды башкарууга ыңгайлуу болот.
Тиркеме тууралуу
«Мой О!» тиркемеси – бул О! + Saima абонентинин жана «О!Деньги» капчыгын бириктирген санариптик экотутум.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.