Ырчы Азиз Батыров шакирттери менен эл аралык фестивалга катышуу үчүн Түркияга учуп кетти

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров өзү түзгөн "Ынтымак" тобунун 10 мүчөсү менен Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы мырза өзү билдирди.

"Түркияда өтүүчү түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык фестивалына "Ынтымак" тобунун 10 мүчөсү менен катышуу үчүн бара жатабыз. Буюрса, ал жакта Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип, өнөрүн даңазалайбыз. Бул биз үчүн чоң ийгилик жана кубаныч. Өлкөбүзгө жеңиш менен келебиз деген ишеничте бара жатабыз. Иш-чара бир жума болот, ага 20 мамлекеттен өкүлдөр катышат", - дейт Батыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан