Самара Каримованын бир тууган эжеси өзбек сериалына тартылууда

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын бир тууган эжеси Уулжан Каримова өзбек сериалына тартылууда. Эжеси биринчи жолу тасмада роль жаратып жатканын айткан Самара Каримова акыркы жаңылыктары менен бөлүштү.

Учурда Самара айым Өзбекстанда жаңы чыгармаларды жаздыруунун үстүндө иштеп жатат. Андан тышкары ырчыга көп сериялуу тасмага тартылууга сунуш түшкөн.

"Эс алып, жеке иштерим менен жүргөндүктөн убактым туура келбей тасмага тартылуудан баш тарткам. Ордума эжемди сунуштагам. Өзбек тасма жаратуучулары сүйлөшүп, эжемди тартууну чечишиптир. Азыр көп сериялуу тасмага Уулжан Каримова эжем тартылууда, ал үчүн кубанычтамын.

Буга чейин 120 сериялуу "Кадырхан" тасмасына тартылгам. Өзбекстанда мени сериалдын каарманы катары жакшы таанып калышыптыр, көргөндөр сүрөткө түшсө жагымдуу болот экен.

Буюрса, чектөөлөр алынса Кыргыз өлкөсүндө, Өзбекстанда жана башка мамлекеттерде концерт коёюн деген максаттарым бар", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Antiradikal5
2021-07-17 12:22:53
Озбекке окшош экен да, балким канында озбек каны бар чыгаар.....
+2
Munar7777
2021-07-17 16:30:54
Antiradikal5, Менинда кашы козум кара козум уский эмес ошого аябай суйуном ✊
-3
Gulina90
2021-07-17 15:28:56
Самарадан сулуурактай экен.
+2
asefsa
2021-07-17 16:18:02
Мойнуда койкоюп Узун экен
+1
Munar7777
2021-07-17 16:28:29
Красавицалар тарбиянар жагат баарынан силерге ишенем достойно журосунор озбекстанда да астына жата калбайын*р сразу эле☝️
-2
Datka7777
2021-07-17 18:25:00
Munar7777,не деп эле жазып салгансын
+4
mira28
2021-07-17 19:32:29
Munar7777,кайсы тарбиясы жагат?Кресло талашканыбы,же эр талашып тартып алганыбы?Чырдан башы чыкпай эле журотго.
+5
Nina.alex
2021-07-17 20:34:56
Койгулачы ай. Эжесинин эмнеси сулуу?? Самараны болсо кейпин муз училище ден кордук. Болгон кейпин
+6
Egizderim-baktim
2021-07-18 04:29:19
Мен деле бетиме 2кг шпаклёвка тартып, кирпикти улап, коз кашка кара красканы шыбап койсом чурок болуп калам, отвечаю:)))
+4
Taalaibek.
2021-07-18 18:00:11
Самара Каримова, Озбекстанга чон болуп иштесен сага ошол жарашат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан